Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:26

Алгачкы антиракеталык жабдууларды орнотуу жөнүндөгү АКШнын чечимине Орусия иренжигенин билдирди.


ПРАГА. 2004-жылга чейин алгачкы антиракеталык жабдууларды орнотуу жөнүндөгү АКШнын чечимине Орусия иренжигенин билдирди. Кечээ АКШнын президенти Буш баллистикалык ракеталардын ыктымал чабуулунан коргонуу максаты менен, Американын айрым чөлкөмдөрүндө чектелүү сандагы ракетарды орнотууга буйрук берген. Орусиянын тышкы иштер министри Токиодо жасаган билдирүүсүндө АКШнын ракеталары Орусияга жана анын коопсуздук системаларына мээленбөөгө тийиш деп билдирди. Буштун администрациясы долборду каржылоо үчүн Конгргесстен бир жарым миллиард доллар акча сурамакчы. Буштун оппоненттери болжолдуу ракеталык чабуулдун коркунучу бул эбегейсиз сарптоолорду актай турганын күмөн санашат. Ал эми Буш болсо бул долбор 21-кылымдын коркунучун алдын алууга карай жасалган кадам деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG