Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:22

ИРАНДЫК СТУДЕНТТЕРДИН КОЗГОЛОҢУ


Иранды кайрадан студенттердин тополоңу каптады. Бир аптадан бери бир нече шаарларда алардын митингдери өтүп жатат. Ирандык жаштар тарых сабагынын мудариси, 45 жаштагы Хашем Агажариге чыгарылган өлүм жазасын өзгөртүүнү талап кылып жатышат.

Аламан митингдер Тегеранда, Тебризде, Исфаханда, Хемзанда жана башка шаарларда өтүп жатат. Аларга парламенттин прогрессивдүү ой-санаадагы депутаттары колдоо көрсөтүүдө. Студенттердин бул жолку козголоңуна Тегеран университетинин профессору, тарыхчы Хашем Агажаринин иши, тагыраагы аны өлүм жазасына тарткан сот өкүмү себеп болду. Быйыл жайда Агажари Хамадан шаарында сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде исламдын жол-жоболорун диний төбөлдөр өздөрү билгендей гана чечмелеп жаткандыгын белгилеп, жаңы муун өкүлдөрү мусулманчылыктын шартында деле кеңири эркиндикте жашай алат деп билдирген эле. Ирандык аятоллалар мударистин бул сөздөрүн Алла-Таалага акараат келтирген аракет деп баалап, Иран соту аны өлүм жазасына тарткан эле. Өкүм азыр ишке ашырыла элек. Студенттер Агажарини толук актап, түрмөдөн чыгаруу талабын коюп жатат. Мындан тышкары алар Ирандын диний лидери, аятолла Али Хаменеи, президент Мохаммед Хатами да бийликтен кетүүгө тийиш деп эсептешет.

Байкоочулар бу жолку студенттик козголоңду масштабы жагынан 1999-жылдагы тополоңго тең келет деп чамаалашат. Бир эле Тегерандагы “Тарбийят-е мадарас” университетинде беш миң студент акция өткөрүп жатышат. Алар Агажари өлсө, университет да өлөт дешет. “Уйкудан козголбой,ныксырап жаткан улутка убал жок!” - деген апаз акциялардын башкы ураанына айланды. Студенттер 1979-жылы Иран шахын тактан кулаткан революция маалындагы ырларды ырдап, аятоллалардын атына өгөй-татай сөздөрүн айтышууда. ”Бардык ирандыктар, бүткүл эл революциянын автору болгон эле. Эми болсо анын үзүрүн үркөрдөй диний төбөлдөр көрүп жатат. Аалымдар, мугалимдер, жаштардын адыйлары түрмөгө салынды. Биз ушуну үчүн күрөштүк беле?” - деп айтты студент Мейсам Юсефзаде.

Айрым кабарларга караганда, тарых мудариси Хашем Агажаринин өкүмү сот тартибинде кайра өзгөртүлүшү мүмкүн. Бирок анын азат болору абдан арсар. Иран парламентинин мурдагы депутаты, азыр Париждеги борборлордун биринде иштеп жаткан саясий аналитик Ахмед Саламатиан тегерандык профессордун тагдырын айланып барып эле аятолла Хаменеи чечет деп эсептейт. Соттун мүчөлөрүн, бардык прокурорлорду кызматка жогорку лидер өзү дайындайт, андыктан алардын баары, Саламатиандын айтымында, Хаменеинин буйругун гана аткарышат.

Мударис Агажари болсо мурдагыдай эле ислам жалаң аятоллалар энчисине басып ала турган дин эмес, анын жол-жоболорун өз эркинче түшүнгөнгө ар кимдин укугу бар деген көз карашында турат. Азыркы исламды Агажари мындан 1400 жыл илгери Мекке менен Мединада барпаа кылынган исламдан айрымаланат деп эсептейт. ”Биз исламды ар түрдүү тармакта –экономикада, саясатта, башкаруу жана социалдык системада – ар башкача түшүнөбүз, бизге бул жагат”,- деп айтты Агажари.

Студенттердин козголоңу Ирандагы ислам радикалдарын да копшолто баштады. ”Хезболла” тобунун айрым ишмерлери атүгүл бардык реформаторлорго жихад жарыялоону сунуш кылды. Бирок бийликтер азырынча эки отту тең күчөтпөй басканга аракеттенип,өтө астамдык менен иш кылып жатат.

XS
SM
MD
LG