Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Иран жетекчилиги өлкөдөгү саясий кырдаалды талкуулады.


Тегеранда бүгүн Ирандын жогорку бийлик өкүлдөрү катышкан жыйын өттү. Мамлекеттик теле көрсөтүүнүн билдиргенине караганда, Ирандын диний көсөмү Аятолла Али Хаменейи, президент Мохаммед Хатами, мурдагы президент Акбар Хашеми Рафсанжани, парламент спикери Мехди Карруби, Жогорку Соттун төрагасы Хашеми Шахруди катышкан жыйында өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды. Иранда сот жергиликтүү окумуштуу жана реформачыл Хашем Агажариге "кудайга акараат келтирди" деген айып менен өлүм жазасын чектегенинен улам студенттер менен реформачыл топтор ири демонстрацияларды өткөргөн эле. Нааразылык акциялары учурунда алар бир нече ирээт консервативдүү күчтөр менен да өз ара кагылышкан.

XS
SM
MD
LG