Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:38

Орусия Иракка карата аскерий операцияга каршы, АКШ БУУнун инспекторлоруна кошумча маалыматтарды бере баштады.


Иракка каршы башталышы ыктымал болгон аскерий операция Орусиянын улуттук кызыкчылыктарына каршы келет, деп билдирди өлкөнүн тышкы иштер министри Игорь Иванов. Иванов "ОРТ" телеканалына берген маегинде белгилегендей, Орусия кандай болбосун Иракка каршы аскерий операцияга катышпайт, бирок Иракта массалык кыргын салуучу куралдар жок экенине ынануу - маанилүү маселе. Ал эми Иракта БУУнун инспекторлору бүгүн массалык кыргын салуучу куралдарды издөөнү улантып, алты жайды текшерди. Мунун аралыгында, америкалык расмий өкүлдөр БУУнун инспекторлоруна Ирактын массалык кыргын салуучу куралдары жөнүндө кошумча чалгын маалыматтарын бере баштаганын билдирди. Мындай кадам БУУнун инспекторлор тобунун башчысы Ханс Бликс АКШны жана Британияны Ирактын өзөктүк куралдар программасы менен шектүү жайлары жөнүндө көбүрөөк маалымат берүүгө чакыргандан кийин жасалды. Ирак маселеси Перс булуңундагы монархиялык өлкөлөр: Кувейт, Катар, Сауд Аравиясы, Оман, Бахрейн, Бириккен Араб Эмираттарынын бүгүн Дохада аяктаган саммитинде да каралды. Катардын баш калаасында өткөн саммиттин катышуучулары Ирак президенти Саддам Хусейндин жакында Кувейттин дарегине айткан сөздөрүн аны коркуткандык катары баалашты. Ошондой эле алар Багдадды БУУнун инспекторлору менен тыгыз кызматташттыкка чакырды.

XS
SM
MD
LG