Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Орусиялык авиодиспетчерлер ачкачылык кармоодо.


Алар айлык акынын көбөйтүлүшүн талап кылып жатат. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын кабарларына караганда өлкөнүн Сибирь, Урал, Ыраакы Түндүк, Волга чөлкөмдөрүнөн нааразылык акциясына тартылган шаарлардын саны өсүүдө. Маалыматтар боюнча авиодиспетчерлер өз ишин улантып жатат, бирок тамак ичүүдөн баш тартууда. Орусиянын эмгек жана социалдык коргоо министри Александр Починоктун билдиргенине караганда, өкмөт авиодиспетчерлердин талабын аткарууга даяр эмес.

XS
SM
MD
LG