Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

Иран колдонулган өзөктүк отунду Орусияга кайтарып берет.


Бул тууралуу бүгүн МАГАТЭ уюму билдирди. Кечээ Тегеранга Орусиянын Атомдук энергетика министри Александр Румянцев барган эле. Орусия Иранга Бушердеги электростанцияда жалпы наркы 800 миллион доллардык атомдук реактор орнотууга жардам берип жатат. Москва Иран менен Орусиядан барган өзөктүк отун ал реактордо колдонулгандан соң аны кайтарып алууну караган келишим кабыл алууга ниеттенүүдө. Ирандык расмий өкүлдөр билдиргендей, документке шаршембиде кол коюу белгиленген.
АКШ Иранда атомдук электростанциянын курулушуна бир нече ирээт каршылык билдирген. Вашингтондун пикиринде, Иран сыяктуу энергияга бай өлкө ага муктаж эмес жана андагы технологияны өзөктүк куралдарды өнүктүрүү максатында пайдаланышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG