Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

ТЫНЧТЫК КОРПУСУНУН ЫКТЫЯРДУУЛАРЫ КЫРГЫЗСТАНДА


23-декабрда Кошмо Штаттардан англис тилин жана бизнес ишин үйрөтүүгө келишкен 63 ыктыярдуу окутуучулар салтанаттуу ант беришти. Ант берүү жөрөлгөсүнө Кыргызстандын жогорку бийлик өкүлдөрү, чет элдик элчиликтердин кызматкерлери, мугалимдер, маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ант берүү аземинин соңунда Кыргызстандын алыскы айыл-кыштактарында 3 айлык таанышуу сапарында болуп, алдыдагы 2 жыл ичинде элет жаштарына англис тилин, бизнес сырын үйрөтүүгө кайыл болгон 63 америкалык ыктыярдуу мугалимдер белгилүү обончу Апаз Жайнаковдун, акын Түмөнбай Байзаковдун сөзүнө жазылган «Кыргыз жери» ырын чогуу ырдашты.

Ант берүү аземин ачкан Тынчтык Корпусунун директору Жозеф Кертин бир жылдык тыныгуудан кийин агартуучулук ишин баштаган Тынчтык Корпусунун ыктыярдуулары республиканын булуң-бурчунда иш баштоого даяр экендиктерин билдирди. «Бир жылдык тыныгуудан соң Тынчтык Корпусунун ыктыярдуулары алыскы чоң-кичине айыл- кыштактарда ишин башташат. Алар ушул жылдын мартында келип ишин баштаган 3 ыктыярдуунун катарын көбөйтүшмөкчү. Ыктыярдуулар Кошмо Штаттардын бардык жеринен келишкен, республиканын булуң-бурчунда алар англис тилин үйрөтүп, жаштарга жардам беришке даяр», - деди Жозеф Кертин. Анын айтымында, Кыргызстанда иштөөгө ынтызарлар 12 апталык алгачкы таанышуу, көнүгүшүүдөн өтүштү. Америкалык ыктыярдууларга жардам, көмөгүн аябаган Кант шаары менен Ысыката районунун айылдарында жашаган элге ант берүү аземинде Тынчтык Корпусунун директору ыраазычылыгын айтты. Ант берүү аземинде чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын президенти кыргыз-америкалык ымала республика эгемендик алгандан кийин күчөп баратканына токтолду. «Мындан 10 жыл илгери Америка кыргызстандыктар үчүн реалдуулукка караганда виртуалдуулукка жакын болчу. Азыр кыргызстандыктар үчүн америкалыктар жат-жалаа эмес, америкалыктардын Кыргызстан тууралуу түшүнүгү да кыйла байыды деп ойлойм. Өткөн жылдын 11-сентябрында Кошмо Штаттар эл аралык жанкечтилердин чабуулуна кабылганда Кыргызстан америкалыктар тарабында турду. Анткени биз үчүн эл аралык террорчулук чоочун болбой калган. Шордон башы арылбаган ооган жергесинен башпаанек табышкан эл аралык жанкечтилер эки жыл бою республикага кол салып, кырдаал курчуп турганда биз АКШнын көмөгүн алганбыз»,- деп билдирди президент Акаев. Бишкектин жанында жайгашкан эларалык антитеррордук коалициянын аскерлеринин милдетине токтолгон президент Акаев мындан дүйнө утук алганын, «Манас» аба майданынан чет эл аскерлерине орун берүү убагында туура кабыл алынган чечим экенин белгиледи.

Ыктыярдуулардын ант берүү аземин кабыл алган Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчиси Жон О Киф Алатоого ат арытып алыстан келген ыктыярдууларды меймандос кыргыз эли кучак жая тосуп алганын, ыктыярдуулардын болгону экөө гана артына кайтып кеткенин айтып, ыктыярдуулар америкалык элчилердин антын бере тургандыгын айтты. Ыктыярдуулардын атынан сөз алган Бенжамин Эдди 3 ай ичинде үйрөнүп алган кыргыз тилинде сөз сүйлөдү. «Бир ай тил билбей кыйналдык. Эң негизгиси, тил деле эмес, адамдардын бири-бирине мээрими, ыкласы»,- дейт америкалык волонтер.

XS
SM
MD
LG