Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:57

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТҮҮЛҮГҮНӨ 2200 ЖЫЛ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы быйыл 20-декабрда 2003-жылы «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн жылын» белгилөө тууралуу Кыргызстандын өтүнүчүн колдоп берди. Ал кыргыз коомчулугунда өтө олуттуу окуя катары кабыл алынууда. Мындай чечим Кыргыздардын Борбордук Азиядагы эң байыркы эл экенин, байыртадан мамлекеттүүлүгүнө ээ болуп келгенин дүйнөлүк коомчулукка таанылтуу үчүн мыкты шарт түзөт.

Чындыгында «Кыргыз» этноними тууралуу байыркы кытай жазмаларында алгачкы жолу эскерилишине 1999-жылы эле 2200-жыл болгон. Учурунда Кыргызстан тарыхчылар жамааты “тарыхый булактарда эң алгач «кыргыз» аталышына 1999-жылы 2200 жыл болот”, деп, мындай тарыхый окуяны өлкөдө кеңири белгилөө тууралуу бир нече жолу демилге менен чыккан эле. Бирок, ал кыргыз бийлиги тарабынан колдоого алынган эмес. Ага карабай, бул демилге кечигип болсо да колдоого алынып, белгиленип жатышы жакшы көрүнүш.

Анткени, кыргыз эли - Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири экени ойдон чыгарылган, жасалма көз караш эмес. Ал тууралуу 2204 жыл мурун эле Кытай тарыхчысы Сымя Цян «Шицзи» аттуу эмгегинде кагазга түшүргөн. Бул тууралуу Х1Х кылымдын башында эле орусиялык окумуштуу Бичурин маалым кылган. Ал эми ХХ кылымдын башында академик В.В. Бартольд кыргыз тарыхын жазууга киришкенде кыргыздар Борбордук Азиядагы байыркы эл экенин баса белгилеген. Бирок, тилекке каршы, совет доорунда мындай пикирге басым жасап, аны даңазалоого мүмкүнчүлүк берилген эмес. Көп улуттуу элдин арасында «улуу» деп аталган жалгыз гана эл болгондуктан, андан алдыга чыгууга советтик идеология бөгөт койгон. Тескерисинче, тарыхый чындык көмүскөдө калып, аны оозанган азын-оолак окумуштуулардын тизгини тартылып, көптөгөн шыбагалардан кур калып, ал түгүл куугунтукка алынган учурлар да болгон. Мына ошондуктан, Бириккен Улуттар Уюмунун чечими тарыхый адилеттүүлүктүн салтанат курушуна чоң салымын кошоору турган иш. Айрыкча, кыргыздын байыркы тарыхын тоталитардык доордо да даңазалап келген кыргызстандык жана орусиялык тарыхчылардын мээнети кайтаар, эмгеги бааланаар учур келди. Ал тууралуу акыркы кездерде мамлекет башчысы Аскар Акаев да ыраазычылыгын билдирип, тоталитардык доордо эмгеги эч бааланбай келген орусиялык окумуштуу Ю.С. Худяковдун адресине жылуу сөз айтканы бар.

«Мына кыргыздар үчүн легендага айланып калган Новосибирскиден келген тарыхчы Худяков айтып атат: «Мен ушунча 30-40-жылдан бери изилдеп келе жатам, байыркы замандагы түрктөрдүн, гунндардын, байыркы Сибирь, Борбордук Азияда жашап өткөн калктардын баарын, бирок ошонун ичинен эң алдыңкы согуш аспаптарын жасаган кыргыз эли экен» деп. Ошол атам замандарда эле бабаларыбыз кандай жоокерчилик иштерди жасаса, кандай мамлекеттер менен жашаган кыргыз эли экен деп мага китебин тапшырып кетти. Кандай мамлекеттер менен байланыш жасаса, ошолордун баарын таш бетине чегелеп жатып укумдан-тукумга калтырып кетишиптир. Мунун баарын айтып атканым, чындыгында кыргыздардын тарыхы, маданияты, тили боюнча акыркы убакта жаңы фактылар аябай көбөйүптүр. Мына ушулардын баарын кошуп, кудай буюрса, азыр жаңы, көз карандысыз Кыргызстандын байыркы тарыхы менен байытып чыгарып коё тургандай жакшы мүмкүнчүлүк ачылып турат» - дейт Аскар Акаев.

Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгилөө чечими чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын арасында да колдоого алынып, аларды кубанычка бөлөөдө. Жакында Кытайда болуп келген билим берүү жана маданият министринин орун басары Султан Раев ал жерде жашаган кыргыздардын кубанычына жана даярдыктарына күбө болуп, ал тууралуу «Азаттык» радиосуна: «Биздин президентибиз Аскар Акаев ООНдо чыгып сүйлөп «2003-жыл – Кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жылы» деп жарыялоого кайрылбады беле. Президенттин сөзү боюнча ушул Кыргыз мамлекетинин 2002-жылдыгы Кытай тарыхый булактарынан алынды деп айтылды. Өзүңөр жакшы билесиңер, эң баалуу даректер кытай тилинде жазылып калган да. Кытай тилинде өздөрү Сяньчин деп айтып коёт экен. Ошол 26 томдуктун 2 томунда биздин жыл эсеби боюнча 2200-жылга туура келет экен. Ошондо биринчи жолу Кыргыз мамлекетүүлүгү, Кыргыз улуу державасы жөнүндө сөз кылган экен Кытай тарыхый булактарында. Кыргыз элине бийлик тартуу катары беребиз деп, атайын өзүнчө бир группа түзүп, 6 адамдан турат экен, анын катарында байыркы кытай тилинен которгон тарыхчылар, адабиятчылар, котормочулар бар экен 6 киши, ал китепте ошолор иштеп атыптыр, экинчи томдугунда кыргыздын мамлекети жөнүндө, болгондо дагы ошол мезгилдеги эң күчтүү, таасирдүү мамлекет катары жөнүндө сөз болот экен. Мен айтаар элем, ошол окумуштуулар которуп аткан эмгектер биздин кыргыздын тарыхы боюнча чоң бир сенсация жаралат болуш керек» - деп билдирген эле.

Адатта, даңазалуу маараке той-аштарды өткөрүүгө, болгондо да аны кыргыздын каада салты менен белгилөөгө тарыхчылар анчалык ынтызар болбой келгени бар. Анткени, элдин оор турмушун ого бетер очорулткан орунсуз чыгымдар карапайым элге чачылып, анын жыргалын, үзүрүн бийлик ээлери көрүп келген учурлар эгемендүүлүк жылдарда көп эле болду. Бул тууралуу кыргыз басылмаларында да кайчы пикирдеги макалалардын басылып жатканы да ошондон уламдыр. Бирок, дүйнөлүк коомчулук колдоого алган Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы жаңыча белгиленээри, анын кыргыз эли үчүн зор пайда алып келээри тууралуу үмүт зор.
XS
SM
MD
LG