Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:47

ОРУСИЯДАГЫ МАЙДА УЛУТТАР


Муса Мураталиев, Москва Орусия мамлекетиндеги саны жагынан аз улуттардын тагдыры кандай? Бул жолу сөз өлкөнүн еврей улутунда граждандары, Еврей автономиялуу областынын азыркы жана тарыхый абалы туурасында туурасында болмокчу.

Еврейлер, дүйнө боюнча алып эсептегенде, 13 миллион 62 миң киши. Америкада 6 миллион, Израилде 4 миллион, Орусияда 511 миңи жашайт. Алар иврит жана идиш тилдеринде сүйлөшөт. Өздөрүн йегудим же йид деп аташат. Иудаизм динине таат кылышат. Ич ара ашкеназдар жана сефарддар болуп эки канатка бөлүнүшөт. Орустар аларды иврит тилинде сүйлөгөндөр деген түшүнүктөн улам еврей деп аташат.

Еврей улутундагы кишини дүйнө жүзүндөгү бардык ири мамлекеттерден жолуктурууга болот. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында Гитлердин түздөн-түз көрсөтмөсү астында фашисттик режим Батышта еврейлерди жок кылуу ишин жүргүзгөн. Еврей тукумундагы кишинин бирин койбой кырууну максат кылып, геноцид жүргүзгөн. Геноциддик кылмыштуулук фашисттер тараптан бир эле еврейлерге карата эмес, славян элдерине да карата жасалган.

Советтик режимдин башында турган И. Сталин 1934-жылы 7-май күнү Ыраакы Чыгыштагы Хинган тоосунун ары жагынан, Амур дайрасынын бери жээгинен 36 миң чакырым чарчы жер берип, Еврей автономиялуу областын уюштурган.

Бирок орусиялык публицист Илья Альтмандын билдиргенине караганда, еврей маселеси 1918-жылы эң башкы маселелердин арасында үчүнчү болуп күн тартибинде турган. Кийин Ыраакы Чыгыштан жер берилип, өзүнүн автономиясы уюшулган. “Алар Еврей автономиялуу областынын ушул бойдон сакталып калышын каалайт. Эмне дегенде Федерациянын бир субъектиси болуп туруп областтын жетекчилиги советтик туштагыга караганда абдан жогорку өкүлдүк денгээлде болууга мүмкүндүк алат”, - деди Илья Альтман, автономиядагыларды азыркы абалы кандай экенин сураганыбызда.

1995- жылы областта 6-7 миң еврей жашаган. Бирок, биз билгенден еврейлердин мекенине кетүүсү Совет өкмөтүнүн тушунда эле болуп туруучу, бирок Л. Брежневдин тушунда тыйылып калган. Кийин президент М. Горбачевдун тушунда алардын тарыхый мекенине кетүүсү катуу күч алган. Кызык жери, ошол эңсеп жүрүп Жер Ортолук Деңиз боюна кетип калгандардын арасынан Биробиджанга кайтып келгендер арбып атыптыр.

Еврей автономиялуу областында азыр идиш тамгасы менен калаа көчөлөрү аталып, дүкөн аттары, мекемелердин аталыштары жазылып, идиш тамгасы менен гезит басылып, универиситетте ал тил боюнча сабак өтүлчү болгон.

Чындыгында еврей мамлекеттик түзүлүшүн уюштуруу демилгеси жыйырманчы жылдардын ортосунда Эл аралык еврей уюму менен коммунисттик жетекчиликтин ортосунда жүргөн. Ал кездеги Бухариндин күйөө баласы Ларин андай автономияны Крымда уюштуруу ылайыктуу деп сунуш киргизген. Бирок автономияны Ыраакы Чыгышта уюштурууну коммунисттик жетекчилик сунуш кылган. Ал жакта жапайы жаткан жерди өздөштүрүп, келечекте аны согуштук пладцдармга айлантуу үчүн ал жердин Совет бийлигине стратегиялык мааниси чоң экенинен улам ушундай чечим кабыл алынган.

1938-жылы областтын жетекчилиги ЦК БКга жиберген катында жыл сайын 10-15 миң киши жиберүүсүн өтүнгөн кайрылуу жасаган. Анын себебин Илья Альтман мындайча чечмелейт:
- 30-жылдары жүргүзүлгөн сталиндик репрессия маалында, айрыкча чет элдик граждандар, курман болушунан улам Биробиджанга кырк миң адам керек болгон. Еврей элинин тагдырына балта чапкан фашисттик да, коммунисттик да режимдер бирине-бири тээк боло иш жүргүзгөн. Маселен, азыр маалым болгон фактыда, 1940-жылдын башында советтик бийликке Германиянын фашисттик жетекчилиги атайын кайрылуу жасап, Биробиджанга батышта жашаган еврейлерди толук көчүрүү сунушун киргизген. Бирок Москва ал сунушту четке каккан, - дейт ал.
XS
SM
MD
LG