Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:35

БАЛТИКА БОЮНДАГЫ РЕСПУБЛИКАЛАР ҮЧҮН БЫЙЫЛ ЖЕМИШТҮҮ ЖЫЛ БОЛДУ


2002-жылы Балтика боюндагы Латвия, Литва жана Эстониянын эң башкы саясий мүдөөсү ишке ашып, үчөө бирдей НАТОго жана Европа Биримдигине кошулууга расмий чакыруу алышты. Үч постсоветтик жумурият өз максатына кантип жетти жана алардын алдында кандай чечиле элек маселелер бар?

Өткөн айда НАТОнун саммитинен кийин Вильнюска сапарлап барган АКШ президенти Жорж Буш Литвалыктарды НАТОго чакыруу алышы менен куттуктап, Түндүк альянстын атынан алардын болочок коопсуздугун бекем кепилдей кетти. «Белгисиздик, коркунуч, жалгыздыкка чулганган караңгы мезгил артта калды. Сиздер эми НАТОнун бекем жана улам кеңейип бараткан бараткан үй-бүлөсүнө кошулуп жатасыздар. Биздин альянс силерди ар дайым коргоого сөз берет, мындан ары кимде-ким Литваны өзүнүн душманы санаса, ал дароо Американын да душманы болот. Ар кандай кол салуулардын алдында Литва, Латвия жана Эстониянын эр жүрөк элдери эч убакта жалгыз калбайт», - деди Кошмо Штаттардын президенти.

АКШ жетекчисинин Балтика боюндагы үч өлкөнүн болочок коопсуздугуна кепилдик берген бул сөздөрү айтылгандан үч апта айланбай, Копенгагендеги саммитте Латвия, Литва жана Эстония 2004-жылы Европа Биримдигине кошулууга чакыруу алышты. Европалык лидерлер бул чечимин жарыялап жатып, Биримдикке кошулууга бир кадам калган 10 өлкөнүн экономикалык стабилдүүлүгү эми алардын да мойнундагы иш экенине басым жасашты. Бул эки уюмга кошулуу – Балтика боюндагы үч өлкөнүн көз карандысыздык алгандан бери көздөп келаткан саясий максаты эле. Коопсуздук жаатындагы кепилдик жана экономикалык бейгамдыктан башка бул үч өлкөнүн калкы НАТО менен Евросоюзга чакыруу алууну – чөлкөмдүн кайрадан Европа коомчулугуна кошулушу катары кабылдоодо. «Бул окуялардын биз үчүн мааниси абдан зор. Мамлекет үчүн гана эмес, ар бир жаран үчүн бул окуялар – болочок стабилдүүлүк, коопсуздук жана жаңы, мурдагыдан ачык-айкын социалдык жашоону түшүндүрөт», - дейт эстон парламентинин төрага орун басары Тунне Келам.

Экинчи жагынан, Балтика боюндагы республикалардын социологдору Европа багытындагы дымактары орундалган жергиликтүү саясатчылар эми Орусияга карата эски оорусунан арылышы мүмкүн деген оюн айтышат. Көз карандысыздык алган 10 жылдан ашуун мезгил бою Рига, Вильнюс жана Таллиндик саясатчылар Москваны – алардын эгемендигине коркунуч келтирчү күч катары кабылдап келишти. Литванын экс-премьер-министри, азыр өлкөнүн парламент мүчөсү Андриус Кубилиус үч өлкөнүн Евросоюз менен НАТОго бир буттап болсо да, кирип калганы – эми алардын Орусия менен алакаларын оңдошуна жагымдуу жагдай түзө алат деп эсептейт. Мисал катары ал Литва менен Орусиянын ортосунда кызуу талкууланып келаткан Калининград проблемасын келтирет. «Литванын бул маселедеги позициясы эми мурдагыдан аныгыраак болоору бышык. Бул жерде дагы далай талаш-тартыштар болот деңизчи, бирок, эми Литва Евросоюзга мүчө болуп калса, маселе – Орусия –Евросоюз мамилелеринин, алардын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде чечилиши керек», - дейт литвалык депутат Кубилиус. Ал мындан башка Балтика боюндагы республикалар Батыш Европанын деңгээлине жетиш үчүн экономикалык өсүшүн дагы арымдатышы зарыл деп белгилейт. Расмий маалыматтар боюнча, соңку эки жыл ичинде Латвия, Литва, Эстониянын ички дүң өндүрүшүнүн өсүшү Европадагы эң жогорку көрсөткүчтөргө теңтайлаша алган. Тактап айтканда, быйыл октябрь айына чейин Литвада ички дүң өндүрүшүнүн көлөмү - 7, Латвияда – 8, Эстонияда – 6 жарым пайызга көбөйгөн. Ошентсе да, азырынча бул өлкөлөрдө ар бир адамдын тапкан таза кирешеси Европадагы орточо көрсөткүчтүн жарымына да жетпейт. Латвияда ички дүң продуктынын көлөмүн ар бир адамдын жан башына бөлүштүрө келгенде, Румыния менен Болгариядан гана алдыраак Европадагы эң төмөнкү көрсөткүч келип чыгат.

Андан тышкары келээрки күздө Латвия, Литва, Эстонияда Европа Биримдигине кошулуу маселеси жалпы элдик талкууга коюлмакчы. Еврокомиссия ушул жайда уюштурган сурамжылоолор Эстониялыктардын 38%ы, Латвиялыктардын 46, Литвалыктардын 55%ы Евросоюзга кирүүнү колдоорун көргөзгөн. Андыктан, 2002-жылды эл аралык маанидеги саясий жетишкендиктер менен аяктап жаткан Балтика боюндагы республикалар алдында чечиле элек маселелер али арбын.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG