Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:47

МАРИЯМ БУЛАРКИЕВА: ТУРМУШТАН ТҮҢҮЛБӨШ КЕРЕК


Санарбек Карымшаков, Бишкек Акын айым Мариям Буларкиева менен маек.

- Мариям эже, алгач жаңы жазган ырларыңыздан бир шаңгил таштап койсоңуз. Окурмандарыңыз, угармандарыңыз менен жолукканды да сагынып калган чыгарсыз?

- Азыр эми бир жаңы ырдан бир куплет айтып койуп баштайын, акын болгондон кийин.

Тирүүмдө сени ырдап өткүм келет.
Жайытың жата калып өпкүм келет.
Кочуштап сапырылган сууларыңды,
Көлүңө седеп болуп чөккүм келет.

Кайбирде кайырганда сага барып
Тууган жер, тууган жер,
Буркурап, буркурап
Көздүн жашын төккүм келет.

- Азыркы чыгармачылык абалыңыз кантип жатат? Акыркы китебиңиз качан чыкты эле да, жаңысын качан чыгарганы жатасыз?

- Бүгүнкү күнгө баскан-турган, көргөн турмушту аралап жүргөн үчүн ырлар көп жазылып жатат да. Андан бери карай дагы бир топ ырлар чыгып калды, буйурса демөөрчү чыкса чыгарам го деген ойдомун. Азыркы суроого карата, турмушту аралап жүрөсүң, өзүң катарлаш-замандаштарың бар, бир топ окуучуларыбыз бар тарбиялаган, жакшы ырларга, жакшы күүлөргө суусап турган учур да, ошон үчүн элдин алдында, окуучулардын алдында өзүңдү жооптуу сезип, колуңдан келген бир жакшы нерсени арноо керек болуп калат экен да. Ошон үчүн кандай болсо дагы ушулардын бир көңүлүн көтөрсөм, бир кызмат көрсөтүү. Биздин кызматыбыз, көңүл көтөргөнүбүз бул ыр да, поэзия да.

- Аялдар арасында да коомдук иштерди аркалап жүргөндөй болдуңуз эле? Ал жакта кандай жылыштар болуп жатат?

- Бизде өтө көп эмес саны, он чактыга жетпеген жазуучу аялдар ассоциациясын баш коштурган, бириктирген бир өзүбүз акындар, колунан көөрү төгүлгөн кол өнөрчүлөр бар. Мисалы үчүн Мидин Алыбаевдин, Райкан Шүкүрбеков, Муса Жангазиев, бир топ агаларыбыз өтүп кетпедиби. Ушулардын жесирлерине кээде кандай бир формада жардам бергибиз келет, бир-эки жолу жардам берип көрдүк материалдык жактан. Бүгүнкү күндө нан керек дегендей, колдон келген жардамыбызды берүүдөбүз. Азыркы өкмөт колунан келгенин жасап атышат, биз ага тийишпейбиз, эч кандай нааразычылыгыбыз жок. Жергебизде тынччылык болсун, эл-журт аман болсун, элдин ичинде биз аман бололу. Кийинки муун өсүп келатат, ушулар аман болуп, колдон келсе билим алып, турмуштан түңүлбөш керек, ар бир үйдө эле казан кайнап, тамак бышып элдин маанайы жаман эмес.

- Сиз акын катары, публицист катары эчак белгилүүсүз. Журналисттер, жолугуушулар жөнүндө да токтоло кетсеңиз.

- Албетте, журналда мен университетти бүтөөрүм менен 25 жыл иштедим да, такай бир жерде. Бул жерде мыкты кишилер бар эле. Акматбек Солтобаевич өтүп кетти, менин устатым Шүкүрбек Бейшеналиевич өтүп кетти, Алыке, Темикем… Биздин чыгармачылык жолубузда улуш акындардын, жазуучулардын көбүнөн үлгү алдык, ушулардын кешигин ичкен катары. Журналдардын беттерин алар жаркырап колдоп турушту. Жакшынакай коллективде акын Жалил Садыков менен Абзий Кыдыров, Жапар Саатов, Акматбек Жолтобаевдерден абдан чоң үлүк алдык. Сүрөтчү Белек Жумабаев, Анарбек Момуналиев деген сүрөтчүлөр менен иштештик. Сабитжан Бакашов, Алымбек Шайлиевдер дагы биздин журналдын сүрөттөрүн жаркыратып тартып турчу. Ушулардын баардыгы беттерди жаркыратып анан өздөрүнүн чыгармачылыгын улантып турду. Республикалык журнал күзгүдөй болуп өзүнүн кучагынан учуруп көп акындарды, жазуучуларды чыгарды.

- Ошолорду азыркы студенттер китепканаларда бүгүнкү күнгө чейин таң калуу менен окуп жатышат. Ошол силердин сабак бүгүнкү күнгө чейин уланып атканы ыймандуулукка, адептүүлүкө чакырып аткан улуу сабак бойдон калып атат.
XS
SM
MD
LG