Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:49

БАСМА СӨЗГӨ БАЯНДАМА


Кыргызстанда «Моя столица» гезитин жана эркин басма сөз каражаттарын коргоо комитетин түзүү сунушу айтыла баштады.

«Коомчулук «Моя столица» гезитин жана эркин басма сөз каражаттарын коргоо комитетин түзүү сунушу менен чыгышууда. Бүгүн аталган гезиттин редакциясында сөз эркиндигин коргоочулардын жыйыны өтөрүн» бейшембиде «Кыргыз ордо» гезити маалым кылды. Басылмада «Акаев үчүн отставка жана эл үчүн реформа» кыймылынын жыйынынын чечими, №33-Каракулжа округунун шайлоочулары кабыл алган токтом да жарыяланган. Гезитте Мейманбек Аскаралы уулунун «Диссертация, китеп жазгандар эле бийлигибизге топтолуп алыптыр…» деген макаласына да орун берилген. 3-элдик Курултай сөзсүз өтөрүн, анда принципиалдуу чечимдер кабыл алынарын Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун гезитте жарыяланган маегинде билдирет. Басылмада жарыяланган «Мындай бийлик менен кыргыз эли алыска бара албайт», деген маегинде мыйзамчы депутат Исмаил Исаков президент Акаевдин облустарды кыдыруу маалында сүйлөгөн сөздөрүнө токтолуп, буга чейин ал чокту жан-жөкөрлөрүнүн колу менен шилеп келсе, эми өзүнүн чыныгы жүзүн ачты дейт. Ал эми Каракулжадагы шайлоодон четтетилген Үсөн Сыдыков башка округдардан шайлоого талапкерлигин койбостугун ушул эле гезитте жарыяланган маегинде ырастаган.

«Моя столица» гезитинин бейшембидеги санында Рина Приживойттун «Калпты шыпыртат, бети кызарбайт» деген макаласы жарыяланды. Анда мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун Рина Приживойтту Орусиянын жараны деп маалымдоо каражаты аркылуу жалпыга жалган маалымат таратканы айтылат. «Мен чет өлкөгө кетпейм. Көпчүлүк алдында мен тууралуу калпты таратканы үчүн мамлекеттик катчыны сотко берем, тажатып ийди», деп жазат Рина Приживойт. Бийлик менен оппозиция мыйзамды урматтоону үйрөнө электиги, от менен ойноо улантылып жатканы адвокат Юрий Максимовдун «Мыйзам гана» деген макаласында чагылдырылат. Ушул жылдын сентябрында Аксыдан жөө жүрүшкө чыккандар менен аткаруу бийлигинин ортосунда меморандум түзүлгөн. Документтеги макулдашуулар ишке ашпай калса аны түзүүгө катышкан кызмат адамы ишин таштап кетиши керек, дейт адвокат Максимов. Анын айтуусунда, аткаруу бийлигинин адамдары тергөө, прокуратура, сот органдарынын милдетин өзүнө алышка укугу жок болчу.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын 13-отурумунун жыйынтыктары тууралуу бейшембиде «Вечерний Бишкек» гезити маалымдама жарыялады. Сессиянын негизги иши республиканын келерки жылдын бюджети тууралуу мыйзам долбоорун бекитиши, өкмөттүн иши тууралуу отчетту укканы болду, деп жазат Оксана Семеняк.

Сомдун чет өлкөлүк акчага карата катышына ашкере көңүл буруунун кажаты жоктугун, ал республиканын сыртка товар ташып чыгуусуна өбөлгө түзбөстүгүн бейшембидеги «Общественный рейтинг» гезити аркылуу вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев тастыктады. Анын пикиринче, учурда көмүскө экономиканы ичтен азыктандырган акчалар банк аркылуу жүгүртүлбөй жатат. Товар алмашуу менен өз ара эсеп жүргүзүүнүн күчөп баратышы сомдун наркы анчалык деле жогору эместигин көрсөтүүчү белги. Америкалык Борбор Азия университетинин жетекчиси Камила Шаршекеева ушул эле гезитте жарыяланган маегинде Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын көптүгү өзүн-өзү алдоо экендигине токтолгон.

Жума күнү жарыкка чыгуучу «Кыргыз туусу» гезитинде президент Акаевдин Нарын облусуна иш сапары тууралуу Папан Дүйшөнбаевдин очерки басууга даярдалууда. Гезиттин жаңы санында парламент депутаты Каныбек Иманалиевдин президент Акаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгү жана «Манас» эпосу тууралуу китебине карата жекече таасирлер, Көл кылаасында курулуп жаткан «Алтын балалык» комплексинин курулушун баяндаган материалдар жарык көрмөкчү.

«Агым» гезитинин жаңы санында кандай материалдар чыгаарын басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева айтып берди. Анын айтуусунда, гезиттин жаңы санында кычыраган кышта үй-жайсыз калган мекендештерибиз, конституциялык өзгөртүүлөр жөнүндө тегерек үстөлда айтылган пикирлер жарыяланмакчы. Басылмада ошондой эле депутаттар Баяман Эркинбаев менен Давран Сабировдун ортосундагы чыр, Каракулжа шайлоо чөлкөмүнүн окружком жетекчиси Шермамат Траевдин маеги басууга даярдалууда.
XS
SM
MD
LG