Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

КАЛИФОРНИЯДАГЫ КАМООЛОР


Нарын АЙЫП, Прага 2001-жылдын сентябрында АКШга жасалган террор аракеттеринен кийин Вошингтон - өлкөгө көчүп келген иммигранттар менен байланышкан маселелерди жөнгө салууга киришкен. Андай аракеттердин алкагында - жергиликтүү бийлик иммигранттарды каттоого тийиш болчу, бирок алар катталуу үчүн келгенде, жүздөгөндөрү камакка алынды.

Америка кошмо штаттары иммигранттар өлкөсү экендиги белгилүү жана ошону менен күчтүү. Дүйнө мамлекеттеринин эң чыгаан окумуштуу, артист, жазуучулары Америкага барып жашап, ошол жакта эмгектенүүгө умтулат. Карапайым жумушчулар дагы АКШга көчүп кетүүнү эңсейт, анткени мыйзамдар жана жалпы эле жагдай АКШда - башка мамлекеттерге караганда алда канча жөнөкөй, эркин жана жашоого ыңгайлуу.

Ошондуктан, кээ бир адамдар АКШга мыйзамсыз түрдө да келип, бир нече жыл жашап, салык төлөп, тамыр алып калгандан кийин гана расми бийликке кайрылып виза же башка туруктуу жашоого керектүү документтерди издейт. Жана америкалык өкмөт ага мурда дайым ырайымдуу карачу, кээ бир президенттер болсо, - өлкөгө мыйзамсыз келип, бирок америкалык мыйзамдарды бузбастан бир нече жыл жашагандарды кечирип, аларга америкалык жарандыкты берчү. Ошондуктан, жакында Калифорния штатында болгон окуя - катардан чыккан жорук.

АКШнын Иммиграция кызматы орноткон эреже боюнча, Азия жана Африканын кээ бир өлкөлөрүнөн келип жашаган 16 жаштан улуу эркектер сөзсүз түрдө жергиктүү бийлик тарабынан катталууга тийиш жана ал тизмеге 20 араб мамлекети да кирген. Иран, Ирак, Ливия, Сирия жана Судандан келгендер үчүн катталуу мөөнөтү 16-декабрда аяктаган. Ошондуктан, дал ошол 16-декабр күнү миңдеген адам ыктыярдуу түрдө катталуу үчүн Иммиграция кызматынын жергиликтүү кеңселерине келгендиги таң калыштуу эмес. Бирок Калифорния штатында ал күнү - документтери так эмес жүздөгөн адам камакка алынды. Кээ бир маалыматтар боюнча, камалгандардын саны миңге жетет, бирок расми бийлик ал тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда. «Ройтер» агенттигинин жазышынча, Калифорниянын түрмөлөрү толуп кеткендиктен, кээ бир кармалгандар Аризона штатына да жиберилиши мүмкүн.

18-декабр күнү жүздөгөн адам Лос-Анжелес шаарынын көчөлөрүнө чыгып, бийликтин мындай аракеттерине каршылык билдирди. Алар: «Адам укуктарын бузууну токтоткула!» «Эми концлагер уюштуруу гана калдыбы?» «Эркиндик менен адилеттүүлүк кайда?» - деген плакаттарды көтөрүп чыкты. Демонстранттардын айтымында, террорчулар эч качан бийлик кеңселерине ыктыярдуу барып, катталууга шашпайт, ошондуктан, бийлик тарабынан көрүлгөн бул катаал чарадан - мыйзамга баш ийген карапайым адамдар гана жапа чегүүдө.

Экинчиден, АКШга чет өлкөдөн мыйзамсыз келгендер көпчүлүк учурларда жанын үрөп иштеп, коңшу-колоңго жагып, салыктын баарын төлөп, өздөрүн мыйзамдуу америкалык жарандар катары көрсөтүүгө умтулгандар. Жана жаңы эреженин аткарылышы дал ошондой чын дили менен америкалык адам болууну каалагандарга зыян алып келүүдө.

Андан тышкары, камакка алынгандардын арасында - визасын узартуу үчүн документтерин тапшырып же мурда виза ала албай жана бийликке кошумча документ топтоп берип, жооп күтүп жаткандар да бар. Аларды камоо - бийлик тараптан кеткен кемчиликти карапайым адамдарга жүктөөгө окшош. Эң негизгиси болсо - башка өлкөлөрдөн Америкага жер которгондор - өз өкмөттөрүнүн дал ушундай аракеттеринен качып келгендер жана жайбаракат турмуш издегендер кайрадан эле катаалчылыкка туш болууда.

Маселени курчуткан дагы бир нерсе - бийлик бул окуя тууралуу азырынча эч маалымат таратпай, түшүндүрүү бербей жаткандыгында. «Ройтердин» кабарчысы Калифорниядагы Иммиграция кызматынын кеңсесине кайрылганда, анын кызматкери Франсиско Эркоут: биз эч кандай маалымат бере албайбыз: - деп кана жооп берген. 10-январ күнү болсо - Бириккен Араб Эмираттары, Йемен, Ливан, Ооганстан, Сомали, Тунис, Түндүк Корея жана Эритреядан келгендерди каттоо мөөнөтү аяктайт.

XS
SM
MD
LG