Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:09

«Манас» аба майданында эл аралык аскер учагы кырсыктады.


БИШКЕК. Кыргызстандын «Манас» аба майданына жайгаштырылган Эл аралык Антитеррористтик Коалициянын бир учагыу 17-декабрь күнү жеңил кырсыкка учурады. Бул тууралуу 19-декабрда Коалициянын коомчулук менен байланыш кызматынан алынган маалыматка караганда, Ооганстандагы операциядан кайтып келе жаткан Норвегияга таандык Ф-16 тибиндеги эки учактын биринин бир дөңгөлөгү ачылбай калып, жерге кыйынчылык менен конгон. Учактын учкучу жабыр тарткан эмес жана учак конгон жердеги жайлар кыйраган жок. Норвегия, Дания жана Нидерландия аскер тобунун басма сөз катчысы Ханна Молдгарддын айтымында, учактын дөңгөлөгүнүн эмне себептен ачылбай калганы белгисиз жана жана учак ремонтко Норвегияга жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG