Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:29

Аксы окуясында курман болгондорду эскерүү митинги өткөрүлдү.


Бакыт Аманбаев

АКСЫ. 19-декабрда Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кара-Жыгач айлында үстүбүздөгү жылдын 17-18 мартында Аксы районунда каза болгондорду эскерүү митинги болду. «Ага 300 дөй адам катышты», деп кабарлады «Аксы окуясында жабыр тарткандарды коргоо» комитетинин өкүлү бейшемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына. Жыйын соңунда президент Аскар Акаевге, Жогорку Кеңештин кош палата төрагаларына кайрылуу кабыл алынды. Кайрылууда Аксы окуясы боюнча кылмыш иши козголгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн үстүнөн сот жараянын Кербен айлында өткөрүү, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу оппозициячыл маанайдагы депуттар Абсамат Масалиевду, Адахан Мадумаровду, Азимбек Бекназаровду, Бектур Асановду, Исмаил Исаковду жана башка саясатчыларды бир жактуу каралоону токтотуу жана Аксы окуясыбоюнча күнөөлөнүп жаткан жогорку бийлик өкүлдөрүн жазалоо талап кылынган.

XS
SM
MD
LG