Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Эркин газетаны коргоо комитети түзүлдү.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 19-декабрда «Моя столица» газетасынын кеңсесинде бир катар эркин массалык маалымат каражаттарынын жана укук коргоочулардын катышуусунда жыйын өткөрүлдү. Жыйын соңунда «Моя столица» газетасын коргоо максатында коомдук комитет түзүлдү. Комитеттин жетекчиси кийинки отурумда шайлана турган болду. Укук коргоочу Турсунбек Акундун айтмында, аталган комитет келечекте карапайым элдин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзөт. Ал үчүн комитет мүчөлөрү Кыргызстандын жер-жерлерине барып, республикадагы чындыкты жазган эркин газетага аткаруу бийлиги тарабынан кысым болуп жаткандыгы тууралуу коомчулукка маалымат беришет. «Эгерде, мындай аракеттерге да расмий бийлик көңул бурбаса, аталган газетанын тегерегиндеги абал тууралуу эл аралык коомчулука кайрылабыз», деп кошумчалады Турсунбек Акун. Ал эми аталган газетанын башкы редактору Александр Кимдин маалыматына караганда, учурда «Моя столица» газетасына каршы Бишкектеги райондук соттордо жалпы суммасы он миллион сомдон ашуун бир нече доо арызы каралууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG