Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:23

АКШ ИРАКТЫН АСКЕРИЙ ДЕКЛАРАЦИЯСЫНА НААРАЗЫ


Бейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңеши Ирактын аскерий декларациясын талкуулайт. Адегенде Ирактын декларациясы боюнча Улуттар Уюмунун курал-жарактар боюнча башкы инспектору Ханс Бликс билдирүү жасап, андан соң Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Вашингтондун тыянактары менен тааныштырат. Талкуунун алдында Америка менен Британиянын расмий өкүлдөрү Багдаддын аскерий отчетунда бир катар өксүктөр бар экенин билдиришти.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешиндеги Ирактын аскерий декларациясы боюнча алгачкы талкуу кызуу талаш-тартыш жаратчудай. Оболу Улуттар Уюмунун куралдар боюнча инспекторлор башчысы Ханс Бликс 12 миң беттен турган документтин мазмунунун маңыздуу жерлерине токтолуп, эл аралык эксперттердин алар боюнча алгачкы ойлорун сунуш кылат. Дипломаттардын айтымында, Бликс Ирактын отчетундагы айрым суроо туудурган жерлерди атап өтөт, бирок алардан улам документке жалпысынан терс баа берүүдөн азырынча карманат.

Улуттар Уюмунан кийин сөз алчу АКШнын көз-карашы көпчүлүккө дайын болуп калды. Вашингтондун Ирактын декларациясына карата пикирин шаршембиде Ак Үйдүн басма сөз катчысы Ари Флейшер маалымдады. «АКШ президенти Ирактын аскерий декларациясындагы маалымат толук эмес деген пикирде. Президентти документтеги айрым боштуктар жана анда кездешкен кээ бир проблемалар тынчсыздандырууда», - деди Вашингтондун расмий өкүлү Флейшер.

Анын бул айткандарын кечирээк Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл да ырастады. «Коопсуздук Кеңешине туруктуу мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшкөнүмдө, алар да Ирактын аскерий отчетунда кемтиктер бар экенине көзү жетип турганын айтышууда. Бейшембиде Улуттар Уюмунун курал-жарактар боюнча инспекциясы жана Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик өз пикирлерин билдирсе, биз алардын маалыматын кылдат анализдеп, өзүбүздүн көз-карашыбызды айтып, андан соң Коопсуздук Кеңешиндеги өнөктөштөрүбүз менен калган иш-чараларды биргелешип-чечебиз», - деп билдирди Колин Пауэлл.

Вашингтондун өкүлдөрү: «Колин Пауэлл Коопсуздук Кеңешинин жыйынында Ирактын аскерий декларациясын талдап, Багдад Улуттар Уюмунун резолюциясын бузганы анык деп ачык айтаар-айтпасы азырынча белгисиз, бирок, кандай болгон күндө да, ал Иракка каршы токтоосуз согуш ачууга үндөбөйт» деп эскертишет. Ошондой эле учурда Пентагон жаңы жыл башында Перс булуңуна 50 миң аскер жөнөтүүгө камданып жатканын кабарлап, аны АКШнын чөлкөмдөгү аскерий кубатын күчтөндүрүү максатындагы иш-аракет катары түшүндүрүүдө. Шаршембиде президент Жорж Буштун төрагалыгы астында өткөн өлкөнүн Улуттук Коопсуздук Кеңешинде Иракта Улуттар Уюмунун инспекторлору иштеп жаткан чакта, Багдадга каршы аскерий аракеттер баштоо мүмкүн эмес деп айтылганы кабарланууда.

Вашингтондун пикирин колдой, Британиянын өкүлдөрү да Ирактын аскерий декларациясын кемтик-өксүгү көп документ катары баалап, анда айтылгандар Лондондо ишенич туудурбаганын билдиришти. Британиянын деңиз транспорт башкармалыгы Ройтерс агенттигине маалымдагандай, өлкөнүн коргоо министрлиги жаңы жыл башында Перс булуңуна курал-жабдык жана башка аскерий техника жеткириш үчүн чоң кемеге алдын-ала заказ берген.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин калган туруктуу мүчөлөрү – Орусия, Франция жана Кытай – азырынча Багдаддын он эки миң беттен турган оор документине карата көз-карашын билдире элек, тек гана алар эң алды менен курал-жарактар боюнча эл аралык инспекциянын жана Атомдук энергия агенттиктигинин пикирин эске алаарын айтышууда. Белгилүү болгондой, Ирактын декларациясынын толук мазмуну Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнө гана таратылган, калган убактылуу шайланчу 10 өлкөгө катуу кыскартылган түрдө берилген. Алардын бири – Сирия – кыскартылган документти изилдөөдөн баш тартып, аны Коопсуздук Кеңешине кайра кайтарган. Дипломаттар Кеңештин калган мүчөлөрү да Ирактын аскерий декларациясынын толук мазмуну менен тааныша албаганына терең нааразы экенин айтышууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG