Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Чечен качкындарынын Ингушстандагы лагерлеринин айрымдарын Орусия жаппай кое турууну чечкени айтылууда.


МОСКВА. Улуттар Уюмунун өкүлү чечен качкындарынын Ингушстандагы лагерлеринин айрымдарын Орусия жаппай кое турууну чечкенин айтышат. Тоби Лансердин айтымында, Москва лагерди жабуунун датасы туралуу сөз кылбай калганын билдирет. Орусия лагерлерде баш бааналаган чечендерди күч менен үйлөрүнө кайтарып жатканын төгүндөгөн. Бирок Орусиянын иммиграция кызматы качкындар лагерлеринин баарын 29- декабрге чейин жаап, качкындарды үйлөрүнө кайтара турганын билдирген. Бул чечим, укук коргоочулардын кескин сынына дуушар болгон эле. Ингушстандагы качкындар лагерлеринде 20 миңге жакын чечен баш бааналоодо.

XS
SM
MD
LG