Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:50

БЕЛОРУСТАГЫ АДАМ УКУГУНУН АБАЛЫ ЕВРОПАРЛАМЕНТТЕ КАРАЛАТ


Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын Адам укугу боюнча комитетинин бүтүмүнө караганда, Беларуста саясый, диний жана маалымат эркиндигинин абалы утура начарлап барат. Мындай тыянак, Европадагы адам укугу боюнча өтө абройлуу уюмдун апта башында Парижде болгон жыйынында жасалган. Сөз Амирбек Азам уулунда.

Еврокеңештин Парламенттик ассамблеясынын адам укугу боюнча комитети Белорустагы адам укугун абалына арналган талкуудан кийин, өлкөдө кырдаал начарлап баратат деген бүтүмгө келди.

Европа Кеңеши Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Европада түзүлгөн биринчи эл аралык уюм. Уюмдун ишмердүүлүгү Европа Биримдигин жана парламенттик демократияны камсыздоого, жалпы адамзаттык баалуулуктарды сактоого жана элдин жашоо шартын жакшыртууга багытталган. Кеңеш учурда адам укугунун абалына өзгөчө көп маани берет.

Белорустагы адам укугун абалы жөнүндөгү докладды даярдоочулардын бири, Литва парламентинин мүчөсү Васлав Станкевич: “Чынында эле, Белоруста адам укугунун абалы осолдоп баратат. Президент Лукашенка жана анын өкмөтү маалымат каражаттарын катуу кысмакка алгандан кийин бул өзгөчө айкын болду”,- дейт биздин радионун кабарчысына.

Жыл башында “Рабочий” жумалыгынын башкы редактору Никола Маркович, “Погония” жумалыгынын башкы редактору Павел Мазейка жана ушул эле гезиттин кабарчысы Виктор Ивашкевич президент Лукашенканы каралаган макала жазды деп айыпталып, ар бири сот өкүмү менен бир жылдан эки жылга чейин эркинен ажыратылган.

Буга катар, “Рабочий”, “Погоня” жана “Местное время” жумалыктары жабылган.

Келерки айда Белорустагы адам укугун абалы Европанын парламенттик ассамблеясында талкууланып, ага республиканын маалымдоо министри Михаил Подгайный чакырылмакчы.

Адам укугу боюнча комитетти Белорустагы диний кырдаал да өтө камтама кылган. Себеби, өлкөдө жакында кабыл алынган мыйзам, акыркы жыйырма жылда аракеттенген диндер менен диний топторду гана каттоодон өткөрүүгө уруксат берет. Станкевичтин айтышынча, Европада мындан өткөн репрессивдүү мыйзам жок.

1997-жылы Белоруста жаңы конституция кабыл алынып, президент Лукашенко бийлик укугун кеңейтип алгандан кийин өлкө Еврокеңештин “атайын коногу” деген мартабасынан ажыратылган.

Минск шаарындагы көз карандысыз Стратегиялык изилдөөлөр борборунун талдоочусу Валерий Карбалевичтин айтымында: “Кесиптик союздар, совет заманындагыдай, мамлекеттин башкаруусунда. Кесиптик союзду жетектөө президенттик администрация башчысынын орун басарына жүктөлгөн. Саясый партияларга каршы чабуул уланууда. Бийликтер партияларды түрдүү айла-амалдар менен кысууда. Бул иште айрыкча юстиция министрлиги активдүү”.

В. Карбалевичтин сөзүнө караганда, адабий журналдар менен жаштар уюмдары да өкмөттүн көзөмөлү астына коюлган.

Швециянын эл аралык изилдөөлөр институтунун талдоочусу Якуб Свисискинин биздин радиого айтканына караганда, Белорус дипломаттык камоодо турган ушу тапта, Европарламенттин делегациясы Минскиге барып, Белорус өкмөтүнөн абалды оңдоону талап кылса жакшы болмок.

“Лукашенка менен өлкө элинин айрымасы бар экенин дааналап коюш шарт. Менин оюмча, Европа Биримдиги жана Батыш Белорустагы кырдаалга нааразы экенин Лукашенкого билдирип коюш керек деген ойдомун. Бул биринчиси. Экинчиси, өлкө азыркыдай камоодо болбогонун Батыш ачык түшүндүрүшү абзел”,- деген пикирде Свисиски.

Белорустагы адам укугунун абалына байланыштуу Чехия президент Лукашенкого виза бербей коюп, ал ноябрда Прагада болгон НАТОнун саммитине келе албай, Кыргызстанга барган.

Ушундай эле жүйөдө, АКШ жана Евробиримдикке кирген Португалиядан башка 14 өлкө Лукашенко менен Белорус өкмөтүнүн 9 мүчөсүнүн өз өлкөлөрүнө келүүсүнө тыйуу салып койгон.
XS
SM
MD
LG