Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:21

Кыргызстандын «Инэксимбанкы» Казакстандын «Темирбанкынын» карамагына өтүшү күтүлөт.


БИШКЕК. Кыргызстандын «Инэксимбанкы» 2003-жылдын башында Казакстандын «Темирбанкынын» карамагына өтөт. Бул тууралуу 19-декабрда «Темирбанктын» башкармалыгынын башчысы Олег Кононенко билдиргендигин жума күнү «Аки-Пресс» маалымат агенттиги жазып чыкты. Ал маалыматка караганда, Казакстандын «Темирбанкы» Европа Банкы менен бирге «Инэксимбанктын» 71 % акциясын сатып алууга аракеттенип жатат. Казакстандын банк жетекчилери кыргыз банктарынын акциясын сатып алуусуна чакан жана орто бизнестеги ишкерлерди тейлөө тармагында атаандаштардын аздыгы жана кирешенин көптүгү кызыктырып жатат. Буга чейин «Казкоммерцбанк» «Кыргызавтобанктын» акциясын 74 миллион сомго сатып алып, аны «Казкоммерцбанк Кыргызстан» деп атаган жана башкармалыкка өз өкүлдөрүн койгон.

XS
SM
MD
LG