Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:43

Кыргызстандын Акыйкатчысынын орун басарлары келерки жумада шайланышы мүмкүн.


БИШКЕК. Кыргызстандын Акыйкатчысынын үч орун басары келерки жумада тандалышы мүмкүн. Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулунун айтымында, саясий партиялар, коомдук уюмдар жана катардагы жарандар орун басарлык орундарга татыктуу деп, көп талапкерлерди көрсөтүштү жана алардын 16сы өз документтерин Акыйкатчыга тапшырышты. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарынын кароосуна алардын бир нечеси гана сунушталып, бир орун үчүн эки талапкер ат салышы мүмкүн. Ал эми Акыйкатчынын ишин уюштуруу үчүн Турсунбай Бакир уулу өкмөттөн 22 миллион сом сураган, бирок бул үчүн бюджеттен 4 гана миллион сом бөлүнүүдө.

XS
SM
MD
LG