Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:51

Бишкекте чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөрүлөт.


Бакыт Аманбаев

БИШКЕК. 23-декабрдан 28-декабрга чейин Бишкекте чек ара боюнча кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссиясынын эки өлкөнүн ортосундагы чек-ара сызыктарын аныктоо боюнча биргелешкен отуруму өткөрүлөт. Тажик делегациясын аталган мамлекеттин тышкы иштер министиринин орун басары С. Насриддинов, ал эми кыргыз тарапты тышкы иштер министринин биринчи орун басары Омар Султанов жетектейт. Отурумда мамлекеттер аралык чек араны аныктоо боюнча биргелешкен иш-чаралардын планын аныктоо, колдо бар материалдар менен бөлүшүү жана аталган комиссия мүчөлөрүнүн чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө шарттарды түзүү боюнча маселер талкууланат. Бул тууралуу жума күнү тышкы иштер министирлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

XS
SM
MD
LG