Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Баткен областындагы Тажикстан менен чектеш айылдардын тургундары А. Акаевге кайрылуу жолдошту.


Шайырбек Эркин уулу

БАТКЕН. 20-декабрда Баткен областындагы Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай, Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарынын тургундары президент А. Акаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылуу ээлеринен ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, анда аталган айыл өкмөттөрүнө суу келүүчү канал Тажикстандын Октябрь айылы аркылуу өткөндүктөн, тиешелүү өлчөмдөгү сууну алып өтүүгө мүмкүн болбой, эл сугат суудан өтө кыйналып жатканы, бул үч айыл өкмөтүнүн калкы областтын борборуна баруу үчүн тажик айылдарын аралап жүргөндүктөн, бажы жана чек ара постторунда бир топ түйшүк тартаары белгиленген. Ошондой эле кайрылуу ээлери 3680 метрлик туннель казып, Кыргызстан аркылуу өткөн жаңы канал куруу жана стратегиялык жактан маанилүү Баткен-Лейлек жолун тоонун боору менен көпүрө куруу аркылуу алып өтүү маселесин чечип берүүнү президенттен өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG