Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Майлуу –Суу электрлампа заводунун акциясын сатуу боюнча тендер болду.


БИШКЕК. 20-декабрда Майлуу-Суудагы электрлампа заводунун акциясын сатуу боюнча тендер болду. Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинен ушул күнү алынган маалыматка караганда, тендерде жеңген тарап азырынча белгисиз жана анын жыйынтыгы келерки жуманын башында жарыяланат. Ал эми акыркы эки жылды 100-120 миллион сомдук киреше менен аяктаган бул заводдун мамлекетке таандык 62,43 % акциясын сатып алууга Орусиянын, Казакстандын ири компаниялары кызыкдар болуп катышты. Завод болсо 3 миллион 200 миң долларга бааланып, сатып алуучулар адегенде 15 миллион доллар инвестиция жасасын жана ар бир жылы экспорт көлөмүн 3 % жогорулатып турсун деген шарт коюлган.

XS
SM
MD
LG