Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:32

Түрк конституциясына өзгөртүү киргизүүгө президент вето салды.


Түркия өкмөтүн көзөмөлдөгөн "Адилет жана өнүгүү" партиясы бүгүн конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу бир нече жаңы мыйзам долбоорун кайрадан президентке жиберээри тууралуу билдирди. 19 декабрь күнү президент Ахмет Неждет Сезер ал мыйзамдарга вето салган. Анын айтымында, мыйзамдар партия төрагасы Режеп Тайип Эрдогандын кызыкчылыгында гана түзүлгөн. Мурда диний маселелер боюнча соттолгон Эрдогандын азыр парламентке шайланууга да, өкмөттү жетектөөгө да укугу жок жана жаңы мыйзамдар ага андай укук берүүгө багытталган. Мыйзам долбоорлорун парламент өткөн аптада жактырган, президенттин болсо аларга экинчи жолу вето коюууга укугу жок, ал тек гана мыйзамдарды Конституциялык сотко жиберип, же аларды жалпы элдик референдумга кое алат.

XS
SM
MD
LG