Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:00

Багдад АКШны “өлкө бийлигин кулатууну көздөп жатат” деп күнөөлөп жатат.


Ирактын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлүнүн орун басары Мухаммед Салман ошол эле 19-декабрь күнү АКШ койгон күнөөнү четке какты. "Америкалык өкүл азыр эле айтып кеткендей, Ирак өз милдеттенмелерин орчундуу түрдө бузган эмес. Бул жөн гана АКШнын жеке пикири жана бүткүл эл аралык коомчулук менен Бириккен Улуттардын оюн чагылдырбайт. Андай пикир менен АКШ, анын чыныгы көздөгөнү куралсыздануу эмес, Ирактын мыйзамдуу бийлигин алмаштыруу экендигин көрсөтүүдө", - деди ал. Ирак өкмөтүнүн айтымында, өлкөдө кеңири кыруучу курал өндүрүлбөйт. Эл аралык инспекторлор “Ирак өз милдеттенмелерин орчундуу түрдө бузду” деп айта элек жана дүйнө мамлекеттеринин бир топ башчылары бир жактуу жыйынтык чыгаруу азырынча эрте деген пикирде.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG