Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:36

ПРОФЕССОР ӨМҮРКУЛ КАРАЕВ ЖАНА КЫРГЫЗ ТАРЫХЫ


“Кыргыздар кылым карыткан элбиз, тарыхыбыз 2200 жылдын жүзүн ашты» деп жар салганыбыз менен, байыркы, орто кылым мезгилин изилдеген илимпоздор саналуу эле. Кыргыздар арасынан өткөн тарыхка адеп байыр салып, изилдөө аракетин жасаган инсандардын башында Осмонаалы Сыдыков, Белек Солтоноев болсо, кийин аны анык илим деңгээлине жеткизип, ийин келтирип изилдеген адам – Өмүркул Караев.

Кыргыз элинин байыркы тарыхын изилдөөдө, аны илим чөйрөсүнө таанытып, атпай журтка тартуулоодо тарых илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Караевдин эмгеги зор. “Кыргыздар кылым карыткан элбиз, тарыхыбыз 2200 жылдын жүзүн ашты” деп жар салганыбыз менен, байыркы, орто кылым мезгилин изилдеген илимпоздор саналуу эле. Кыргыздар арасынан өткөн тарыхка адеп байыр салып, изилдөө аракетин жасаган инсандардын башында Осмонаалы Сыдыков, Белек Солтоноев болсо, кийин аны анык илим деңгээлине жеткизип, ийин келтирип изилдеген адам бул - Өмүркул Караев.

Өмүркул Караевич 1930-жылдын 13-октябрында, Чүй областына караштуу Сайлык айылында жарык дүйнөгө келген. 1937-1946-жылдары Сайлык жети жылдык, кийин Ак-Бешим орто мектебинде окуп, 1946-1947-жылдары Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн. Андан соң Кочкор районундагы Көк-Жар орто мектебинде мугалим болуп иштеп, 1948-жылы Кыргыз мамлекеттик университеттин тарых факультетинин босогосун аттайт.

1952-жылы жогорку окуу жайдын тарыхчы дипломун алып, 1958-жылга чейин Жаңы-Ноокат, Өзгөн, Аксуу райондорунда мугалимдик кылып, тарыхтан сабак берет.

1958-жылы Москвадагы Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтуна аспирантурага тапшырып, айтылуу арабист В.И.Беляевден таалим-тарбия алып, кеп-кеңешин укту, изилдөө ыкмасы менен таанышты. Илимпоздун Москвадагы окуусу текке кеткен жок. Өмүркул Караевич дасыккан окумуштуу деңгээлге жетип, кыргыз тарыхын орто кылым буйткасынан талаш-тартыш чордонунан чачыратпай чогултуп алчу көзү каныккан арабист адистигин алды.

1963-жылы Москва шаарында «IX –Х кк. Кыргыздар, Кыргызстан туурасындагы арап, перс булактары» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргоду.
Илим саясатташып, партиянын диктаты күчөп, жаш илимпоздор жеңил жолду көздөп, коньюктуралык совет мезгилинин тарыхына тап коюп калган чакта, Ө. Караев чаташкан орто кылымды тандап алды. Болгондо да көз майды коротуп, тынбай эмгек талап кылчу кол жазмалар айдыңына түштү. Жаш окумуштуу байырлап изилдеген кандидаттык диссертациянын актуалдуулугу, жогорку деңгээлдеги аткарылыш сапаты кыргыз таануу илимине таланттуу тарыхчынын, билими терең ийкемдүү чыгыш таануучунун келгендигин айгинеледи.

Өмүркул Караевич коомчулуктун, илим адамдарынын, жалпы интеллигенциянын аруу тилек ишеничин көп күттүрбөй эле актады. Москвалык профессор Л. Р. Кызласовдун кылдан кыйкым чыгарып «кыргыз» этнотерминин «хакас» деп бурмалаган көз карашына далилдүү жооп берген, ишенимдүү фактылар менен «жосунсуз жобону» жокко чыгарган, асыресе, москвалык илим авторитетине тайманбай оюн айткан жападан-жалгыз кыргызстандык окумуштуу Өмүркул Караев болгон. Илимпоздун макаласы Москвадагы таасирдүү илимий журналда жарыяланып, автордун ысмы жалаң эле Кыргызстан эмес, Советтер Союзунун илим чөйрөсүнө таанылып, кыргыз коомчулугуна аты чыгып, популярдуу адамга айланды.

Айрым окуурмандарга Кызласовдун бу кылыгы кадыресе, каймана айтылгандай сезилиши мүмкүн. Биз өзүбүз күбө болуп жүргөндөй, андай ойлор азыр деле калк арасында, илимпоздор ичинде туш келди айтылып да, жазылып да жүрбөйбү. Бирок ошол кездеги партиянын диктаты маалында, асыресе Москвадан угулган үн булуң-бурчтарга көрсөтмөдөй тарап, акыры бүтүм катары кабыл алынчу. Аны менен бирге 1956-жылкы кыргыз этногенезине арналган айтылуу илимий конференциядан кийин, кыргыздын байыркы, орто кылымдагы тарыхы бурмаланып, бир этнос «енисейлик кыргыздар жана тяньшандык кыргыздар» деп жасалма бөлүнүп, бүтүн тарыхка жик салынган. Ал түгүл айрым илимпоздор кыргыздын Енисей мезгилин четке кагып, алар эч жакка көчпөй-этпей Ала-Тоодо автохтондуу жашаган десе, кээ бири Тянь-Шанга кыргыздар эмес «кыргыз» аты келип, ал ысым жергиликтүү элге берилген деген акылга сыйгыс ойду таңуулашкан. Мындай көз караштын канчалык абсурдуулугуна карабай, ал кыргыз таанууда байыр алып, орун тапты. Ал гана эмес, Кыргызстан Компартиясынын жыйындарында каралып, жаңылыш пикир жактырылып, енисейлик кыргыз тарыхын изилдеген окумуштуулар кодуланып куугунтукка алынды, кыргыз тарыхы жасалма бурмаланды.

Мындай шартта Л. Р. Кызласовдун «кыргыз», «хакас» аталыштарын чаташтыруусу партия чапкан жолго дал келген. Бир караганда Л. Р. Кызласовдун көз карашын илимий жаңылыштык көрүнгөнү менен анын маңызы кыргыздын Энесайдагы элестүү тарыхын, Барсбек каганды, Улуу Кыргыз дөөлөтүн, гүлдөгөн маданият, искусство доорун сызып салууга багытталган. Кызласов таңуулаган ««хакас» бул жалпы эл, ал эми кыргыздар болсо тек гана башкаруучу катмарды түзгөн» деген ою саясатташкан марксисттик-лениндик окууга үндөшкөн.
Демек, Л. Р. Кызласовго каяша айткан профессор Ө. Караев чынында партиянын линиясына каршы чыккан.

Өмүркул Караевдин илимдеги дагы бир чоң салымы, кыргыздардын Енисейден Теңир Тоого жер котору маселесин туруктуу жактап, ийине жеткизе изилдеп келгенинде турат. Жогоруда айтылгандай, мындай көз караш партиянын багытына туура келген эмес. Балким ушундан уламбы, айтор совет доорунда партиянын тарыхын жазган темир канат аспиранттар деле өкмөт тарабынан бөпөлөнүп, материалдык колдоого алынып келген чакта профессор Өмүркул Караев мындай мамиледен куру жалак калып келди.

Кийин элибиз эгемендик алганда деле, эркин өлкө тарых дыйканына жүзүн буруп, мээрман мамиле жасай албады. Бирок Өмүркул Караевич, жалгыз өзүнө таандык кең пейил касиети менен заман тайкы сыйлыктарга каймана мамиле жасап, «мен жасаган эмгектерим өлбөйт», деп калчу.
XS
SM
MD
LG