Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:48

КАРАЙЫМ ДЕГЕН УЛУТ БАР.


Муса Мураталиев, Москва Түрк тукумундагы элдердин арасынан карайым эли дүйнөдө саны аз этностор тобуна кирет. Алардын жалпы саны азыркы тушта 2200 киши. Алар Израилде, Орусияда, Украинада, Литвада жана Польшада жашашат. Бул жолу ошол боордош элдин Москвадагы маданий уюмунун президенти, Орусия Илимдер Академиясынын мүчө-корреспонденти Михаил Казас менен кабарчыбыз Муса Мураталиев ангемелешет.

Түрк тукумундагы элдердин арасынан карайым эли дүйнөдө саны аз этностор тобуна кирет. Алардын жалпы саны азыркы тушта 2200 киши. Алар Израилде, Орусияда, Украинада, Литвада жана Польшада жашашат. Карайымдар өздөрүн карайлар деп аташат. Түрк тукумундагы элдердин байыркыларынын бири. Хазарлар тукумубуз дешет. Башында байыркы еврей тамгасын пайдаланган. Андан кийин латын, азыр кириллица арибин пайдаланат.

- Михаил Михаилович, буга дейре кеп салып аткан карайым менен кыргыз байыркы турмушу жөнүндө аңгемеңизди уласаңыз.

- Биз Алтайданбыз. Карайымдардын тараган жери - Алтай. Биздин көбүбүздүн атабыздын аты ошол кездеги Алтайда аталуучу географиялык жер-суу аттарын кайталайт. Мисалга Таңатар көлү бар, бизде да Таңатар деген ысым бар. Шабсал деген ал жакта тоо кыркасы бар - бизде да Шабсал деген ысым бар. Сыбызган деген кыштак бар, а биздин элде да Сыбызган деген ысым бар. Мындайча айтканда байыркы карайымдар фамилиясы ошол жакта, ошол кезде жаралган. Андан бери миңдеген жылдар сакталып калган. Кыргыздардын Ашина тукумуна тиешеси болгонбу?

- Михаил Михаилович, биздин элдин тийешеси бар экендигин окумуштуулар улам жазышат.

- Мына, көрдүңүзбү, ал кезде бир улуу окуя болуп ажырашканбыз. Аны азыр так айта албайбыз. Бизге маалым болгон жагы - гунн падышасы Ашынанын тушунда, биздин түпкү аталар бизди карайым деп атаган. Орто Азия аркалуу Каспий деңизинин жээгине көчүп өтүшкөн. Ал жерде Казар падышачылыгын уюштурган. Сиздер, албетте, казарлардан кабарыңар бар деп ойлойм?

- Азыркы муундаргы кыргыздар жакшы билишет. Азыр сиз айтып турган түрк тукумундагы элдердин Алтайдан ооп батышты карай кетиши бизде да кеңири маалым.

- Казар кандыгы уюшулганда кайсы динге таaт кылуу муктаждыгы пайда болду. Инжил, мусулмандык же христиандык динге берилүү керек болду. Ошондо биздин падыша Булан Инжилди кабыл алууну туура көрдү. Ошол себептен түрк элдеринин арасынан жалгыз карайымдар Инжилге таат кылып келебиз. Ысымдары ал динден.

- Жакшы экен. Бул эми биздин тарыхыбыз, байыртан бери келе жаткан чыйырыбыз. Айтыңызчы, азыркы тушта карайымдар кандай турмушту башынан өткөрүп атышат? Кандай жашап жатасыңар, айталы, Москвада?

- «Кандай жашап жатасыңар?” Биз болгону 2200 кишибиз. Анча көп эмес элбиз…

- Кечиресиз, Москвада жашап аткан карайымдарды айтып атасыз, туурабы?

- Жок. Москвада карайым 300 киши. Калганы Кырымда, Санкт-Петербургда, Литвада.

- Мен билгенден профессор Мусаев Кенесбай, карайым тили боюнча, илимий эмгек коргоп, окуу китебин жазып чыккан. Тааныша келип карайым тили кыргыз тили сыяктуу байыртан келе жаткан тил экенин туйдум эле. Эне тилиңер кандай абалда?

- Ушунча аз санда калгандан кийин бизде тил жокко эсе. Кырымда жашагандар - сүйлөшөoт. Москвада биз сүйлөшпөйбүз.

- Баса, автономияңыздар барбы?

- Жок. Биздин автономиябыз жок. Карайымдар дегинкиси, Литвада, Таракайда, Кырымда, Феодосияда, Симферополдо. Эл эмнеси менен аты чыккан дебейсизби? Биз анализ жүргүзүп көрдүк. Алар математикалык ой жүгүртүүгө өтө жөндөмдүү болуп чыкты. Биздин интеллигенция, биз анализ жазап көрсөк, негизинен, техникалык илимдердин кандидаттары жана докторлору болуп чыгышты. Гуманитарияда аз.

- Кайсы бир атактуу ысымдарды атай кетсeңиз.

- Карайым арасынан атагы алыска таркаган кишилер көп. Мына алардын бири, азыр, сизге да маалым - Анна Павлова. Балерина. Анын атасы карайым. Композитор - Майкапар. Кино режиссер - Юткевич. Биздин элден чыккан илимдин кандидаты жана доктору ар бир миң кишиге чегирип эсептей келгенде Орусияда абдан жогору. Отуздан айланат. Эмне дегенде карайымдар окуу дайыма болушу керек деп эсептешет.

-Сиздердин диндеги өзгөчөлүктөргө токтоло кетсеңиз.

- Биздин диндин өзгөчөлүгү кайсылар? Бизде пайгамбарлар болгондугу таанылат. Бизде, элден мурда Теңири дини болгон. А кийин Инжилди кабыл алгандан тартып ал жоюлган. Бизде Исус Христос, Моисей, Будда, Магомед - баары пайгамбар...

- Сиз эсептеген ыйык ысымдар бизде да пайгамбар. Болгону, биз саал башкача атайбыз. Исусту - Ыса, Моисейди - Муса дейбиз. Биз кыргыздар да Теңиримден кийин исламды кабыл алып эмдигиче ага таат кылып келебиз. Эми дагы бир суроо, көркөм тил менен айтканда, карайымдарды илимдин эли десе жарашкыдай. Илим тарапта кандай жетишкен ийгиликтериңер бар?

- Биз Орусиянын саны аз элдер арасынан өз энциклопедиясын чыгарган жападан-жалгыз калкпыз. Биздин 6 томдуу энциклопедиянын бешинчи томунан калганы бүт чыкты. Каржылап аткан кишибиз дүйнөдөн кайтыш болуп токтоп калды. Эми башка спонсор табышыбыз керек. Карайым маданияты ошол томдо эле. Ал азыр компьютерде терилүү боюнча турат.

-Илимдер Академиясы бастырып атабы?

-Жок. Биз өз күчүбүз менен чыгарып атабыз. Орус Илимдер Академиясынын этнология институту бир томдук чыгарганы жатат. Ага кырым татар, карайым, кырымчактар туурасында эмгектер кирмекчи. Чыкса кийинки жылдын биринчи жарымында чыгат.

XS
SM
MD
LG