Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

КАЛИЧА СЕЙДАЛИЕВА: ЖЕРГИЛИКТҮҮ ДРАМАЛАР ЖОК БОЛУП ЖАТАТ.


Аманбек Дилдеңбай, Бишкек Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Калича Сейдалиева менен маек.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артистикасы Калича Сейдалиева Ташкенттеги Островский атындагы театралдык институттан билим алып келип, Улуттук Кыргыз драмтеатрда чыгармачылыгын баштайт. Актриса 24 жыл аралыгында 40тан ашуун спектаклде ар түрдүү кейипкерлердин образын аткара алды. Ал, Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыкка жана Чыңгыз Айтыматовдун 70-жылдыгына арналган эл аралык театр фестивалында аялдардын эң мыкты ролу үчүн берилген сыйлыкка татыктуу болгон. Кыргыз театр өнөрүндөгү улуу көч салып кеткен өнөр жолунда өзүнүн чыгармачылык жүзү бар актрисалардын бири Калича Сейдалиевага, жакында эле эки жылда бир ыйгарылуучу Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлык ыйгарылды. Эмесе актрисанын алдыдагы максаты, чыгармачылыкка болгон куштарлыгы тууралуу актрисанын өзүнөн уксак.

- Калича эже, менимче драматург жана театр өнөрүн изилдөөчү Жаныш Кулманбетовдун «Кагылайын Манасым» аттуу спектакли Уфада өткөн эл аралык театр фестивалында көрсөтүлсө керек. Силер катышкан фестиваль тууралуу да айта кетсеңиз.

- 1996-жылы Уфада дүйнөлүк түрк тилдүү элдердин театралдык фестивалы болгон. Ошого 11 мамлекет катышып, ошонун бири болуп биз дагы катышканбыз. Бул спектакль менен негизи Москвадан, Түркиядан келген чоң-чоң театр сынчыларынын чоң баасына жеткенбиз. Бул спектакль «национальная опера» деген сөз болгон. Бул спектаклден аялдардын эң мыкты аткарган деген номинациясы бар, ошону мага ыйгарышкан. Бул роль «Кагылайын Манасым» деген спектаклде Чыйырдынын образы. Генерал болгонду каалабаган солдат болбойт беле. Анысы кандай көп ойлор бар, көп максаттар бар, анын баарына жетиш азыр өтө эле кыйын болуп калды. Оюмда бир жакшы комедия ойносом деп жүрөм. Биздин өзүбүздүн драматургиядан болобу, башкадан болобу иши кылып комедия ойногум келип жүрөт.

- Комедия демекчи, азыр Кыргызстандагы театрда жалаң эле тарыхый драмалар коюлуп, комедиялар коюлбай калды, же драматургдар, актерлор эргип ойногудай комедия, драмаларды жазбай калдыбы?

- Жергиликтүү драмалар жок болуп жатат. Себеби коюлуп жаткан драмаларды өзүбүз көрүп жатпайбызбы, кандай жазылып атканын, артист кандай кыйналып жатканын. Ал үчүн биздин драматургдарыбыз конкурс уюштуруп, же болбосо ошол жаш балдарды карап, балдарды тарбиялап, шакирт тарбиялап, чет мамлекетке жиберип, чет мамлекеттин спектаклдерин көрүп келсин, жаманын да, жакшысын да көрүп келсин, дайым эле жакшыны көрүп курчубайт да, жаманын көрүп курчуйт. Ошондой фестивалдарга жибериш керек драматургдарды.

- Сиз аткарган ролдор негизинен кайгы-мууңга жакын, армандуу кейипкерлердин образы. Ал эми жашоодо көңүлдү чөктүргөн учурлар да кездешеби?

Сенин сурооңо жооп боло турган, ылайыктуу келе турган сөзбү деп ойлойм. Курманжандын сөзү, аягында баласын жоготуп айтат:
«Мен куруюн бозинген, сен экөөбүз окшоштук,
Тилиң барбы бозинген, арманымды айтайын
Сен жаратылыштын, жырткычтарына өз ботоңду жем кылсаң
Мен адам жырткычтарына баламды жем кылдым.
Өз түндүгүмдө, өз боорумду дарга астырдым,
Сен кандай алсыз болсоң, мен да ошондой алсызмын
Бирок адамдын үмүтү үзүлбөйт турбайбы» дейт. Ошон үчүн жакшы заманда адамдын пейили жакшы болооруна, үмүтүбүздү үзбөй туралы», - дейт Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисткасы Калича Сейдалиева.

XS
SM
MD
LG