Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

Албаниянын кооперативдер кошууну Нарын областынын айыл чарба тармагына жардам көрсөтө баштады.


Дамир Калыков

НАРЫН. Албания мамлекетинин «Райфайзен» аттуу кооперативдер кошууну Нарын областынын айыл чарба тармагына айыл чарба кооперативдерин түзүүгө жардам көрсөтө баштады. 21-декабрда айыл-чарба адистеринен алынган маалымат боюнча «Райфайзен» коомунун эксперттик тобу областтын аймагындагы айыл чарба кооперативдеринин ишмердиктерин иликтөөдөн өткөрүп бүттү жана жаңы жылдан баштап үлгү деп эсептелген айыл чарба кооперативдерине техникалык жактан жардам көрсөтүп, насыялоо иштерин колго алат. Ал эми Нарын областында учурда 50гө жакын гана айыл чарба кооперативдери реалдуу иш алып барышууда, калгандары кагаз жүзүндө калууда. Ушуга байланыштуу президент Аскар Акаевдин Нарын областында айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү жөнүндөгү Указынын аткарылбай жаткандыгын айта кетсе болот.

XS
SM
MD
LG