Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:09

Жалал-Абадда «Замана» студиясынын областтык бөлүмү ачылды.


Ырысбай Абдраимов

ЖАЛАЛ-АБАД. 21-декабрда Жалал-Абадда «Замана» студиясынын областтык бөлүмү ачылды. КТРдин «Замана» аттуу таңкы көрсөтүүлөр программасынын областтык бөлүмүнүн тушоо кесүү аземинде акыркы учурда айыл-кыштактарга газеталар убагында жетпей, эл мамлекеттик иш-чаралар жөнүндө кабарсыз калып жаткандыгы эске салынды. Маалымат таңсыктыгын жоюуда программалар толук иштээрине ишенич билдирилди. Студиянын областтык бөлүмү Жалал-Абаддагы милиция окуу жайынын имаратына жайгашты. Аны техникалык жактан КТР, транспорт жана байланыш министрлиги жабдый турган болду. Областтык бөлүм жумасына эки ирет областтын социалдык-экономикалык саясий турмушу боюнча 20 мүнөттүк маалыматты жана 2 сааттык музыкалык, рекламалык көрсөтүүлөрдү республика элине тартууламакчы.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG