Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:43

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны болду.


БИШКЕК. 21-декабрда Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Жыйында Коопсуздук Кеңешинин Аксы окуясынын кесепеттерин талкуулаган май айындагы жыйынында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, өлкөдө учурдагы абалды жөнгө салуу маселеси жана социалдык-экономикалык абал талкууланды. Өлкөдөгү саясий кырдаалды жөнгө салуу жаатында майдан бери жүргүзүлгөн иштер тууралуу ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев,Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев, Конституциялык Соттун төрайымы Чолпон Баекова жана областтардын губернаторлору маалымат беришти. Алар, кырдаалдын курчушуна депутаттар Адахам Мадумаровдун, Азимбек Бекназаровдун, Бектур Асановдун, Дүйшөн Чотоновдун жана Ишенбай Кадырбековдун таасир тийгизип жатышкандыгын баса белгилешип, аларга карата чечкиндүү чара көрүү зарылдыгын белгилешти. Жыйында сөз сүйлөгөн президент Аскар Акаев да, «оппозиция калк арасында бөлүп-жаруучулук иштерди жүргүзүүдө, мен июль айында алар менен тил табышуу үчүн алдыга беш кадам жасаганым менен алар жарым кадам жылышкан жок» деп, бардык министрлерди эл арасындагы ишти жандандырууга милдеттендирди жана Жалал-Абаддагы кырдаалды жөнгө салуудагы аракети үчүн губернатор Жусупбек Шариповго ыраазылыгын билдирди. Ошону менен бирге өлкө башчысы Аксы окуясы боюнча иштин аягына чыкпай жаткан Улуттук Коопсуздук Кызматы менен Башкы Прокуратурага нааразы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG