Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:16

Венесуэладагы элдик толкундоолор 20 күндөн бери уланууда.


Түштүк Американын Венесуэла мамлекетинде 20 күндөн бери кеңири демонстрациялар жана жалпы элдик иш таштоо өтүүдө. Анын катышуучулары президент Хюго Чэйвестин кызматтан чегинишин талап кылууда жана алар өлкөнүн Жогорку сотунун чечимин аткаруудан баш тартты. Иш таштоолорду сот мыйзамсыз деп тапкан. Президенттик мөөнөтү 2006-жылы аяктай турган Чэйвес да кызматтан кетүүдөн баш тартты жана 20-декабрь күнү өлкө борбору Каракас шаарында президентти колдогон да митингдер өткөрүлдү. 6-декабрдагы кагылышууларда үч адам курман болду, үстүбүздөгү жылдын апрель айында болсо, Венесуэлада төңкөрүш болуп, Чэйвес президенттик кызматын араң сактап калган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG