Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

АКШнын айтымында, Тажикстандагы коопсуздук абал жакшырууда.


Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчылыгынын жаңы билдирүүсүнө караганда, Тажикстандагы коопсуздук абал акыркы айларда бир кыйла жакшырды, бирок дагы эле коркунучтуу, анткени "Өзбекстан ислам кыймылынын" лашкерлери тарабынан барымтага тутулуп калуу мүмкүн. 2001-жылдын 25-сентябрында АКШ өз жарандарына Тажикстанга баруудан толук баш тартууну сунуштаган. Жакында АКШ өкмөтү өз жарандарын Венесуэла жана Йорданияга баруудан карманып турууну сунуш кылды. Октябрь айында Йорданияда америкалык өкмөттүк кызматкер өлтүрүлүп кеткен, Венесуэлада болсо, президент Хюго Чэйвеске каршы толкундоолор өтүүдө.

XS
SM
MD
LG