Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:39

Эгемендүү Палестина мамлекети 2005-жылы түзүлүшү мүмкүн.


20-декабрь күнү Вашингтон шаарында Жакынкы Чыгыш маселесин жөнгө салуу боюнча бийик жолугушуу болуп өттү. Жыйынга маселе боюнча мурда түзүлгөн төртилтиктин өкүлдөрү катышты, ага Америка Кошмо Штаттары, Бириккен Улуттар Уюму, Европа Биримдиги жана Орусия кирет. Жыйындын катышуучулары Израил менен Палестинаны куралдуу кагылышууларды токтотуп, келишимге келүүгө чакырды. Төртилтик даярдап жаткан план боюнча, басылып алынган араб аймактарынан Израил аскерлери чыгарылып, 2005-жылы эгемендүү Палестина мамлекети түзүлүүгө тийиш. Бирок, америкалык Ак Үйдүн басма сөз катчысы Ари Фляйшердин айтымында, план толук иштелип чыга элек: "Анын аягына чыгыш үчүн, дагы кошумча аракет керек. Президент Буштун пикири боюнча, план - бардык тараптардын кызыкчылыгына төп келип, алар аны кабыл алгандай болууга тийиш". 2000-жылдын сентябрь айында Америкада түзүлүп жаткан планды палестиналыктар сындап чыкты, анткени Палестина мамлекетин түзүү дагы кечиктирилүүдө. Саеб Эракаттын айтымында, АКШ - Израилдин шайлоо боюнча үгүттөөчүсүнө айланууда. 2000-жылдын сентябрь айында Палестина менен Израил ортосунда башталган кагылышуулардан 1730 араб жана 670 жөөт каза болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG