Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:24

ТААНЫМАЛ САНЖЫРАЧЫ, ТАЛАНТТУУ АКЫН.


«Аке» деген сөз - чоң, улуу даражалуу наам. Маселен Боронбай хан, Ормон хан, даткаларда бийлик бар, өкмөтчүлүк бар, шайланган өкүмчүлүк бар. А тиги кишилерде андай шайлоо жок эле, калыстыгы менен элге жаккан. Ал кишилердин айткан сөзү эл үчүн өзүнчө закон болгон, ушул кишилерди «Аке» дейт.

«Жакшы сөз жандын эшиги» дегендей байыркы кыргыздардын укум-тукумунун, ата-бабаларынын тарыхынын, жүрөгүндө кыпындай карасы жок элдик баатырларынын эркиндиктерин, уламага айланган улуу инсандарынын, акылман-ойчулдарынын ар кыл накыл кептерин, кылымдарды сыдыра кыдырган көптөгөн элдик көөнөрбөс көркөм мурастарынын кооз үлгүлөрүн көңүлүнө түйүп, көкүрөгүнө жаттап, 75-жашка чыкса да кайратынан кайтпай, акылынан жанбай саймедирей айтып, ар бир угуучунун руханий жан дүйнөсүнүн эшигин ачып, ырахатка бөлөп келе жаткан айылдык таанымал санжырачы, таланттуу акындын бири – Акмат Карыбай уулу. Ал 1927-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик Университетинин тил жана адабият факультетин бүтүргөн. «Таш түш, таалайыңдан көр» болуп, ал ар кандай кызматтарда иштеп жүрүп, ардактуу эс алууга чыгат. Кыргызстан журналисттер союзунун, Жазуучулар бирикмесинин мүчөсү. Басылмалардан «Көл сыры», «Жашыл дарак», «Менин энем» аттуу ырлар жыйнактары басылып чыккан. Ал эми автордун «Калыгул олуя», «Өзүмдөгү өзүм», «Тартылбай калган табак», «Тоо бүркүттөрү» аттуу аңгеме, повесттеринин кол жазмалары да басылууга даярдалууда.

Жакында автордун XIX кылымда жашап өткөн акылман, ойчул, кара кылды как жарган калыс, айкатчыл, өз кызыкчылыгынан элдин кызыкчылыгын жогору койгон Садыр акенин туулган күнүнүн 180-жылдыгына карата 12 басма табак көлөмдөгү «Садыр аке» аттуу китеби жарык көрдү. Автор китебинде Садыр акенин калк арасында ооздон-оозго көчө, муундан муунга өтө айтылып, жумурай журтту кызыктырган нускалуу, кызыктуу окуяларын жүрөктөн кирип, бойду алгандай көркөм адабият тилинде баяндоо менен автор улуу манасчылар Келдибектин, Тыныбектин «Манасты» айтуудагы чеберчиликтерин, айтылуу Арстанбектин шакирти Солтобай акындын ырларын да ташка тамга баскандай тактыкта, кызыктуу көрүнүштөрдө кыябын таба берген. Айрыкча автор төрөлгөндөн бой жеткенге чейин эркекче кийинип, жаа тартып, мылтык аткан, эркек мүнөз, ай жүздүү, көзүнүн агы алмаздай ачык, бетинин оту анардай албырган турна моюндуу, Моют акенин чөбүрөсү, атактуу ооз комузчу, ырчы, чечен, обончу Тагылыктын (Бурулчанын) манасчы Келдибектин айткан «Манасын» куштарлана да, кумарлана да угуп отуруп, акырында ал манасчыга: - «Айгыр бычылса, бээ болбойт, чөл кургаса жер болбойт. Мен эркек эмесмин, атама арага түшүп, мага такыя кийгизип кетиңиз», - дегенде манасчы Келдибек Бурулчага: - «Болочокто астыңа арыстан салдырбаган ургаачы болосуң! Балам, сага Алла-Таалам Каныкейдин акылын, Айчүрөктүн дидарын берсин! Каалап тапкан теңиңе арыстандын сүрүн, жолборстун кайратын берсин! Багың ачылып, башыңан ак элечегиң түшпөсүн!», - деп ак батасын бериптир. Ошондон кийин Бурулча кыз киймин кийип, Садыр акенин агасы баатыр Нурдөөлөткө турмушка чыгып, оозунан ырларын, жылаңач төөнү бучкакка чапкандай тамашаларын, колунан комузун түшүрбөптүр. Автор китебинде залкар шайыр Бурулчанын жеке турмушуна, чыгармачылыгына байланышкан, азыркы кезге чейин музыка таануучулардын көз жаздымында калып келген маалыматтарды бериптир.

- Акмат ага, эмне себептен XVIII – XIX кылымдарда Көл өрөөнүнөн чыккан залкар инсандар Моютту, Сартты, Садырды, Кыдырды «Аке» дешкен? «Аке» деген сөз элдик наамбы, же терең урматтоо үчүн айтылып калган касиеттүү сөзбү?

- Бу «аке» деген аттын өзү, бийликти билбей туруп, бийликтин үстүнөн бийлик айткан, ханга калыстык кылган, анан кийин даанышмандык менен, акылмандыгы менен айрымаланган, алысты көрө билген, ойчул, чечендиги менен элге таанылган - мына ушундай кишилерди «Аке» деп билген. Бул «Аке» деген сөз чоң, улуу даражалуу наам. Маселен Боронбай хан, Ормон хан, даткаларда бийлик бар, өкмөтчүлүк бар, шайланган өкүмчүлүк бар. А тиги кишилерде андай шайлоо жок эле, калыстыгы менен элге жаккан. Ал кишилердин айткан сөзү эл үчүн өзүнчө закон болгон, ушул кишилерди «Аке» дейт.

Акмат ага калк казаналарынын каймактарын калпып, казанында кайноо менен бирге:
«Мен ыр жазам, сараң жазам, аз жазам
Таза жазам, көп акындан наз жазам
Мага жакпайт, башкаларга жакса да,
Ошондуктан бастырууга шашпагам», - деп, ар бир ырынын ар сөзүн кадактап «жети өлчөп, бир кесип» дегендей өзүнө жоопкерчиликти өтө жогору койгон, ырларынын жарык көрүнүшүнө шашылбастан, окурмандардын арасында түбөлүктүү жашашы, көркөмдүк сапаты үчүн жанын сабай күрөшкөн, аз жазса да, наз жазган акындан. Автордун кайсы гана мазмундагы мейли махабат, тууган жер, өмүр, өлүм, табийгат, көл, төрт мезгил жөнүндөгү лирикалык, патриоттук ырларын албайлы, баяндаган мазмундарынын кенендиги, ойлорунун тереңдиги, кумдай куюлушкан уйкаштуулугу, ар бир сабагынын көркөмдүүлүгү, салыштырууларынын образдуулугу, ыргактуулугу менен башка акындардан айрымаланганын баамдайбыз. Автордун көлөмдүү чыгармаларынын ичинен элдик айтымдардын, уламалардын негизинде жазган «Кайып», «Кызмоло» аттуу поэмалары баяндаган окуяларынын кызыктуулугу, ойлорун омоктуулугу, көркөмдүүлүгү, элдиктүүлгү менен бөтөнчө өзгөчөлөнөт. Кан жуткузган кайгыны баяндаган «Кыз моло» аттуу дастанынын өзөгүнө автор кең Чүйдүн Москва районундагы Ак-Суунун боюндагы чакан айылдын кезегинде «Баш дөбө», «Эне башы», азыркы күндө «Кыз моло» аталып калышына илгерки өткөн замандагы жаш болсо да аялзатынын акыл Карачачы деген атка конгон, толгон айдай толукшуган келбетеги Салкын аттуу селкинин өлүм айтып келбейт болуп, күтүлбөгөн жерден күлас табышы, «мына, ана алам» - деп турган бозойунун жүрөгүн өрттөп, жүлүнүн сыздаткан «Жоктоосу» данек болуптур.

Акмат карыя дастанын өзөгүнө мына ушундай жоктоону алып төрт тарабы төп келген чыгарманы жаратып, элден алып, энеден кайра төрөлгөндөй жаңы маңызда жазып, кайра элге тартуулаган. Акмат карыянын кайсы гана ырын, дастанын, аңгеме, повесттерин албайлы, элдик ооз эки чыгармачылыктын берметтери менен шөкөтөлгөнүнө күбө болобуз.
XS
SM
MD
LG