Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

БЕЙӨКМӨТ УЮМДАР А. АКАЕВДЕН ӨЛҮМ ЖАЗАСЫНА МОРАТОРИЙДИ УЛАНТУУНУ СУРАНЫШУУДА.


18–декабрда адам укугун коргоочу бир катар өкмөттүк эмес уюмдар Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин наамына кат жолдошту. Анда алар өлкө башчысынан өлүм жазасына карата киргизилген мораторийдин мөөнөтүн мындан ары да узартууну суранышат.

Кыргызстан 1998-жылы Адам укугунун Жалпы декларациясынын кабыл алынганына 50 жыл толгонуна карата өлүм жазасына мораторий киргизген. Ошондон бери Кыргызстанда өлүм жазасына буйрулган бир да адам атыла элек. Жыл сайын жаңы жыл алдында президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен өлүм жазасына жарыяланган мораторий дагы бир жылга узартылып келатат. Бул жолу «Эл аралык мунапыс», «Хьюман Райтс Вотч», «Интербилим», Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо Бюросу баштаган бир катар чет элдик жана кыргызстандык укук коргоо уюмдары Аскар Акаевге кат жолдошту. Анда Кыргызстанда өлүм жазасына мындан ары мораторий жарыялоо сунуш кылышат. Кат ээлеринин пикиринде, «Кыргызстан - адам укугун урматтаган өлкө» саясатына ылайык соттордун кылмышкерлерге өлүм жазасын чыгарууну токтотуу керек жана бул принциптерди өзгөрүп жаткан Конституцияга биротоло киргизүү зарыл.

Кыргызстандагы «Интербилим» өкмөттүк эмес уюмунун жетекчиси Ася Сасыкбаева катка кол койгондордун бири. «2000-жылы Бириккен Улуттар Уюму биздин мамлекеттин отчетун уккан болчу. Ошондо адамдын атуулдук жана саясий укуктарынын маселеси козголгон. Дегеле, өлүм жазасы адамдарга каршы жасалган иш катары бааланган. Кыргызстан да өлүм жазасына мораторий жарыялаган, анын мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 31-декабрында аяктайт. Дүйнө жүзүндө ар бир жылда үчтөн мамлекет өлүм жазасына мораторий жарыялайт. Кыргызстан да ошол мамлекеттердин катарына кошулса деген ойдобуз. Президентке ошол себептүү кайрылып жатабыз», - дейт ал.

Ася Сасыкбаеванын бул оюн катка кол койгон Адам укуктарын жана мыйзамдуулукту сактоо Бюросунун башчысы Наталия Аблова да колдойт. «Биз, укук коргоочулар, өлүм жазасынын мамлекет тарабынан колдонулушуна каршыбыз. Себеби, бул адамдын түпкүлүктүү укуктарынын бири болуп эсептелет. Юридикалык өңүттөн алып караганда да соттору көзкарандысыз делген мамлекеттерде да соттордун кетирген катачылыгы менен адам тагдырына балта чабылган учурлар өтө көп. Бул бир. Экинчиден, адамды өзү өлтүрүп жаткан мамлекет өз атуулдарына «адам өлтүрбөгүлө» деп айтканга укугу жок деп ойлойм. Мындан тышкары да, өлүм жазасынын колдонулушу кылмыштын азайышына таасирин тийгизет деп айтууга болбойт. Муну далилдеген илимий изилдөөлөр бар. Жазанын катуулашы эч убакта кылмыштын азайышына алып келбейт. Бул далилденген факт. Алсак, 1998-жылга чейин, башкача айтканда, өлүм жазасына мораторий киргизилгенге чейин, Кыргызстанда оор кылмыштар көп катталганы белгилүү».

Кыргызстандын Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу болсо бул жаатында мурдатан эле бир иштер аткарылып келгенин айтат. «Быйыл да мораторий уланышы керек. Мен мурда кат жазгам бул тууралуу. Эми да Президент муну колдошу керек. Бул нерсе Кыргызстандын эл аралык коомчулук алдындагы кадырына оң таасирин тийгизет. Өлүм жазасы сакталса кылмыш азайат дегенге ишенбейм. Конституцияга Кыргызстан өлүм жазасын колдонбогон өлкө деп жазышыбыз керек», дейт Акы
йкатчы.

Президенттик администрациянын юридика бөлүмүнун башчысынын орунбасары Карыбек Дүйшеев кат ээлеринин өлүм жазасына мораторий киргизүү тууралуу жолдогон каты Президенттик администрация тарабынан колдоо табаарын билдирди. «Катты колдойбуз. Жыл башында президент адам укугун коргоо боюнча программагы кол койгон. Өлүм жазасына мораторий киргизүү анда да айтылган. 3 жылдан бери өлүм жазасын киргизүү тууралуу мыйзамдары чыгып келатат. Мындан ары да бул сунуш колдоо табат деген ойдомун», - деди Карыбек Дүйшеев.
XS
SM
MD
LG