БИШКЕК. Кыргызстандын калкы жаңы жылдын январь айынын бешинен сегизине чейин эс алышат. Ага негиз берген токтомго өкмөт башчысы кол койгондугун 24-декабрда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ал маалыматка караганда, 4-январдагы эс алуу күнү 6-январга которулуп, ишемби иш күн боло турган болду.