Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:29

Нарын областына Ага-Хан Фондунун өкүлдөрү келип, областтын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.


Дамир Калыков

НАРЫН. 24-декабрда Нарын областына Эл аралык Ага-Хан Фондунун өкүлдөрү келип, областтын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Ноябрь айында Нарын областында исмаилиттердин башкы имамы Ханзада Ага-Хан Төртүнчү келип, областтын жетекчилиги менен Борбордук Азия университетинин филиалын Нарын шаарына куруу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Сүйлөшүүлөргө ылайык курулуш иштерин 2003-жылдын башында баштоо жана аны менен катар окуу жараянынын да баштоо тууралуу макулдашуулар болгон. 24-декабрда Ага-Хан Фондунун өкүлү Асан Токтогуловдон алынган маалымат боюнча, университет Нарын шаарынын чок ортосунан орун алат жана ал жердеги эски мектепте жаңы жылдан баштап айрым багыттар боюнча окуу иштери башталат. Адегенде университеттин жетекчи кызматкерлери окуудан өткөрүлүп, андан соң студенттер кабыл алына баштайт.

XS
SM
MD
LG