Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Конституциялык реформа боюнча коомчулуктун пикирин иликтөө жүргүзүлөт.


БИШКЕК. Шайлоо Системасы боюнча Эл аралык Фонддун долбоору Кыргызстандын Конституциясына өзгөртүү жана кошумча киргизүү боюнча коомчулуктун пикирин иликтейт. Бул максатта катарына Жогорку Кеңештин депутаттары, адистер кирген 7 кишиден турган коомдук комитет түзүлдү. Комитет референдумда элдин эмнеге добуш берип жатканын билип туруп добуш беришин камсыздоого аракет жасамакчы. Бул тууралуу шейшембиде Шайлоо Системасы боюнча Эл аралык Фонддун Кыргызстандагы долбоорунун башчысы Чедомир Флего, коомдук комитеттин мүчөлөрү депутаттар Марат Султанов, Николай Байло, юрист Гүлнара Искакова маалымдашты. Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча элдин пикири жыйналып, анын негизинде китепче, баракчалар чыгарылып, ал коомчулукка таратылат. Комитет мүчөлөрү мындай иш-аракет Конституцияга кандай өзгөртүү киргизилип жатканы тууралуу элди жакшыраак маалымдоо максатында жасалып жаткандыгын белгилешти.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG