Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

Премьер-министрге байланыштуу сот кайрадан уланды.


БИШКЕК. 24-декабрда Бишкектеги Биринчи Май райондук соту укук коргоочу Турсунбек Акундун премьер-министр Николай Танаевди жоопко тартуу тууралуу доо арызын кароону улантты. Бирок бул күнү да премьер-министр сотко келген жок. Анын кызыкчылыгын коргогон адвокат Николай Жучков сот ишине Аксы окуясы учурунда атайын кызматтар тарабынан жашыруун тартылган тасманы, Байтик-Бишкек жүрүшү убагындагы жана башка Турсунбек Акун катышкан окуялар боюнча жыйналган материалдарды кошууну сунуштады. Турсунбек Акун жана анын адвокаты буга каршы болгонуна карабай, судья премьер-министрдин адвокатынын сунушун кабыл алды. Андан кийин сот ишти кароону 10-январга которду.
Укук коргоочу Турсунбек Акун «массалык маалымат каражаттары аркылуу адамдык абийириме шек келтирди» деп, премьерден өз пайдасына 1 млн. сом өндүрүп берүү талабы менен сотко кайрылган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG