Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:45

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз-кытай чек арасы боюнча билдирүү таратты.


БИШКЕК. Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз-кытай чек арасы боюнча билдирүү таратып, анда ««Президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа жасоо» кыймылынынын Үзөңгү –Кууш жерин кайра кайтарып алуу керек деген талабы негизсиз. Кыргызстандын бийлиги кыргыз-кытай чек арасы жөнүндөгү келишимди өлкөнүн Конституциясынын, мамлекеттик чек ара жана эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзамдарынын негизинде түзгөн» деп билдирди. Андан тышкары, «чек ара маселесин кайра карап чыгуу талабы Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына доо кетирип, келечегине залалын тийгизет жана өлкө ичиндеги коомдук-саясий кырдаалды курчутат» деп белгилеп, чек ара жөнүндөгү келишимди кайра карап чыгууну талап кылып жаткандарды өз талабын дагы бир жолу салмактап көрүүгө чакырды. Министрлик 20-декабрда кабыл алган бул билдирүүнү министрликтин басма сөз кызматы шейшембиде жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG