Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:35

ТҮНДҮК КОРЕЯ МАСЕЛЕСИ.


Нарын АЙЫП, Прага Түндүк Кореянын жетекчилиги жакында өзүнүн өзөктүк курал чыгаруу программаларын кайрадан иштете баштагандыгы тууралуу жарыялады жана дүйнө мамлекеттеринин ал тууралуу тынчсыздануусу менен эскертүүлөрүнө көңүл бурган жок. Кээ бир эксперттердин айтымында, Түндүк Корея маселеси - Ирак проблемасынан да ашып түшөт.

Үстүбүздөгү жылдын октябр айында Америка Кошмо Штаттары - Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк программаларын кайрадан ачкандыгы тууралуу жарыялады. Вошингтондун айтымында, ал тууралуу Түндүк Корея жетекчилиги - 3-5-октябр күндөрү өлкөгө АКШ мамлекеттик катчысынын жардамчысы Джеймс Келли келгенде айткан. Андан бери өткөн эки жарым ай ичинде дүйнө коомчулугу жана эл аралык уюмдар Пхеньянды андай чарадан баш тартууга бир топ үндөдү, бирок 22-декабр күнү Түндүк Корея жаңы чарага баргандыгы тууралуу өзү жарыялады. 1994-жылдан бери жабылып жаткан Йонгбьон өзөктүк ишканасында орнотулган эл аралык текшерүү аспаптары алынып салынды жана өлкөнүн өзөктүк программасын кайрадан иштетүү жаңы деңгээлге чыкты.

Ишканада өзөктүк кубат реактору бар, анда пайдаланылган миңдеген көмүр шиштерге Эл аралык өзөктүк кубат агенттиги мындан сегиз жыл мурда мөөр салып, аларды бекитип салган. Түндүк Корея ал мөөрлөрдү өткөн жекшемби күнү жулуп салып, сегиз миңге жакын көмүр шишин пайдаланууга жиберди. Агенттиктин эксперттеринин айтымында, ал көмүрдөн курал жасоого жарактуу плутоний чогултуу мүмкүн.

Агенттиктин башкы деректири Мухаммед Эль-Барадей дароо Пхеньяндын бул жоругун катуу сынга алып: ал Корей жарым аралындагы коопсуздукка шек келтирет, - деп жарыялады. АКШ сенатынын эл аралык байланыштар комитетинин төрагасы Джозеф Байден болсо: Түндүк Кореядан чыккан коркунуч Ирак маселесинен да жаман, - деп билдирди.

Кээ бир эксперттердин айтымында, Пхеньян дүйнө коомчулугунун көңүлү азыр Ирак менен Ооганстанга бурулуп жаткандан пайдаланып калууга умтулууда. Бирок АКШ коргоо министри Доналд Рамсфелд андай пикир менен макул эмес. 23-декабр күнү Вошингтон шаарында өткөн маалымат жыйынында журналисттердин ал тууралуу суроосуна Рамсфелд: биздин Иракка да, Түндүк Кореяга да каршы бир мезгилде чара көрүүгө кудуретибиз жетет, - деп жооп берди. "Дүйнө Ирак менен алек болуп жаткандан Түндүк Кореяга кайрат кошулуп кетти деген пикирге мен макул эмесмин. Эгер алар чындап эле ошондой ойлосо - алар абдан жаңылышып жатат", - дейт америкалык министр.

Маселе мындан 17 жыл мурда башталган. 1985-жылы Пхеньян, эгер АКШ өзүнүн өзөктүк куралдарын Корей жарым аралынан алып чыгып кетпесе, Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыга тургандыгы жөнүндө жарыялаган. 1991-жылы АКШ чет өлкөлөрдө жайгаштырылган өзүнүн өзөктүк дүрмөттөрүн чогултууга киришкен, алардын ичинде Түштүк Кореядагы жүзгө жакын дүрмөт да алып чыгарылган. Ошол эле 1991-жылы Түндүк жана Түштүк Корея - жарым аралды өзөктүк куралсыз аймакка айлантуу боюнча декларацияга кол койгон жана эл аралык инспекциянын келишине макул болгон.

Бирок 1993-жылы Эл аралык өзөктүк кубат агенттигинин эксперттери келип, Түндүк Кореядагы эки ишкананы текшерели дегенде, Пхеньян ага уруксат бербей койгон жана 1994-жылдын июн айында агенттиктеги мүчөлүгүн токтоткон. Анын алдында АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы: Түндүк Кореяда бир же эки өзөктүк бомба жасалгандыгы тууралуу билдирген. Бирок ошол эле жылы Пхеньян менен төрт айлык сүйлөшүү жүргүзүп, АКШ өлкөнүн өзөктүк программаларын токтотуу тууралуу эки тараптуу келишим түзгөн.

Ага компенсация иретинде, Түндүк Кореяга кошумча мунай берилмек жана дүйнө коомчулугу өлкөгө эки өзөктүк реактор куруп бермек. Үстүбүздөгү жылдын август айында Түндүк Кореяда андай реакторлордун бири курула баштаган, бирок октябр айында Пхеньян өзөктүк курал программасын кайрадан жандантканы жөнүндө жарыялады.

24-декабр күнү болсо, Түндүк Кореянын коргоо министри: эгерде АКШ Түндүк Кореяга өзөктүк сокку урса, Пхеньян ага жетиштүү деңгээлде жооп берип, Америка Кошмо Штаттарын жазалайт, - деп билдирип, маселени ого бетер курчутту.
XS
SM
MD
LG