Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:31

Израилдик аскерлер Бетлехемден чыгарылды.


Палестин автономиясына караштуу Бетлехем шаарындагы жөөт аскерлери Христмас майрамы учурунда шаардын чет жакаларына чыгарылып жайгаштырылды.
«Чалгындоо маалыматтарына караганда, Христмас майрамынын учурунда Бетлехемде жашаган израилдиктерге кол салуу болбойт. Ошон үчүн, аскерлер шаардан сыртка чыгарылды»,- деп кабарлады бүгүн Израил армиясы.
Христиан дининдегилер Иса пайгамбар Бетлехемде туулган деп ишенишет.
Израил быйыл экинчи жыл катары менен Палестин жетекчиси Яссер Арафатка Бетлехемге барып, Христмас майрамына катышууга уруксат бербей койду.

XS
SM
MD
LG