НАРЫН. 25-декабрда областтык кеңештен алынган маалымат боюнча, учурда Аксай жана Арпа сырттарында 36 чарбалык субъектилер чет элдик аңчыларга көмөк көрсөтүшүүдө. Бирок алардын бирөө да жергиликтүү бюджетке салык төлөбөгөндүктөн жана аңчылык аймактарында тиешелүү биотехникалык иш-чараларды аткарбагандыктан чет элдик аңчылардын нааразылыктары көп айтылат. Комиссиянын кабыл алган чечимине ылайык мындан ары бардык аңчылык субъектилери жергиликтүү салык инспекцияларынан каттоодон өткөрүлүп, ижара акы төлөй башташат. Ушундай эле шарттар менен Соң-Көлдөгү балык кармоочулар да иштегенге өтүшөт.
Дамир Калыков