Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:01

Кыргызстандын мамлекеттик муниципалдык башкаруу органдарынын кызматкерлери кызмат этикасы жөнүндөгү өз кодекстерин иштеп чыга турган болду.


БИШКЕК. Кыргызстандын мамлекеттик муниципалдык башкаруу орган кызматкерлери жаңы жылдан баштап кызмат этикасы жөнүндөгү өз кодекстерин иштеп чыгып, анын негизинде иш жүргүзө баштайт. Ага негиз берген типтүү кодекстин долбоору мамлекеттик кызматкерлердин этикасы боюнча президенттин алдындагы комиссиянын шейшембидеги жыйынында кабыл алынды. Президенттик администрациянын мамлекеттик кызмат секторунун башчысы Асылбек Болотбаевден 25-декабрда алынган маалыматка караганда, этика кодексин муниципалдык башкаруу органдары өз жеринин өзгөчөлүктөрүнө ылайык иштеп чыгышып, кабылдашат жана аны иштеп чыгууга мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча территориалдык комиссиялар көзөмөлдүк кылышат. Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин этикасы жөнүндөгү кодекс Азия Өнүгүү Банкынын «Азия жана Тынч океан жээгиндеги мамлекеттерде антикоррупциялык саясат жүргүзүү» аттуу программасынын алкагында 2001-жылы иштелип чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG