Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Майлуу-Суу шаарында Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин караган сот иши уланды.


Ырысбай Абдраимов

МАЙЛЫ-СУУ. 25 декабрда Майлуу-Суу шаарында Аксы окуясы боюнча айыпталгандардын ишин караган сот иши улантылды. Түшкө чейин Аксы окуясы боюнча айыпталуучулар Данияр Кулуев, Абдимитал Калбаев, Алик Ракишев, Кубан Токобаев жана Жалал-Абад ички иштер башкармасынын 17-март күнү Аксынын Боспиек айылында болушкан атайын багыттагы милициянын 5 жоокери көрсөтмө беришти. Данияр Кулуев Боспиекке чогулган элдин ар бирине үчтөн кызматкер зарылдыгын белгилеп, ал жерде 61 кызматкердин 19 ар түрдүү деңгээлде, ар кандай жарат алганын айтты. Абдимитал Калбаев Бозпиекке топтолгон адамдар эч кимге ишенбей тургандыгын, президентке, анын үй-бүлөсүнө карата кемсинтүүчү сөздөр айткандыгын белгилеп, Турсунбек Акунов кармалган соң туш-тараптан таш жаап, «атчандар чабуулга» деп кыйкырып, адырдын эки жагынан ок жаңырганын эскерип өттү. Ал ошондой эле Кадыров Алмаз аттуу милиционерди аксылыктар кордоп, «кет» деп коркуткандыгын, элди атууга эч ким буйрук бербегендигин кошумчалоо менен, ички иштер кызматчыларынын ишин мыйзамдуу деп эсептээрин билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG