Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:23

Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси бекемделүүдө.


БИШКЕК. «Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси 2002-жылы мыкты өнүктү. Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга расмий сапар менен келишинде ал эң жогорку деңгээлге жетти. Быйылкы жылдын 11 айында Кыргызстан менен Орусиянын соодасы 51% өсүп, 211 млн. долларды түздү. Бирок эки мамлекеттин пайдаланбай жаткан потенциялы абдан жогору»,- деп билдирди шаршемби күнү Орусиянын Кыргызстандагы толук ыйгарым укуктуу элчиси Евгений Шмагин. Эмгек миграциясына токтолгон элчи, «кыргыз жарандарынын Орусияда мыйзам чегинде иш жүргүзүүсүнө шарт бар», деп белгиледи. Элчиликтин маалыматы боюнча, Орусиядагы 300 миңдей кыргыз жаранынын 30 миңи ал жакта туруктуу жашайт, ал эми 50 миң адамдын убактылуу каттоосу бар,100 миңдей адам курулушта, ал эми дагы 100 миңден ашуун адам соода менен алектенет. Евгений Шмагиндин пикиринде, эки мамлекеттин региондорунун ортосунда өөрчүп жаткан байланыш реалдуу кызматташууга жол ачат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG