Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:37

КЫРГЫЗ-ӨЗБЕК МАМИЛЕСИ КАНДАЙ?


Постсоциалисттик Борбор Азия өлкө жетекчилеринин өргө тарткан дымагынын айынан эгемен өлкөлөрдүн өз ара катышы суйдаң тартып баратат. Салкындай түшкөн өзбек-түркмөн жетекчилеринин мамилесин айтпаган күндө да, чекара тосмосунун айынан кыргыз, өзбек, тажик, казак калктарынын ортосундагы мамиле-катыш жылдан-жылга оорлошууда.

ХХ кылымдын соңунда эгемендикке жетишкен постсоциалисттик Борбор Азия республикаларынын экономикалык жылыштарында айрым бир өзгөрүүлөр байкалганы менен, саясий түзүлүш жаатында алардын айырмачылыгына караганда жалпылыктары көбүрөөк. Биринчи окшоштук - бул республикаларда коммунисттик режимдин пайдубалы копшоло баштаган чакта бийликке келген мамлекет башчылардын баары кызматын колдон чыгаргысы келбегендиги. Мындан сырткары, кийинки кездери кошуна өлкөлөрдө жашаган калктардын бири экинчисине каттоосу кыйындап баратат. Өзбекстан Кыргызстан менен чектеш жерлерине кыйгас мина коюп, өлкөгө виза аркылуу кирүү талабын койсо, анын жолоюн жолдогон Казакстан чек ара тартибин кыйла татаалдантты.

90-жылдарда Кыргызстандын демократиялык атын чыгарган «легендарлуу парламенттин» мүчөсү Бегиш Ааматов мындай жагдайдын түзүлүшүнө эки жагдай себепкер деп эсептейт. Социализмге чейин чөлкөм калкы феодалдык бытырандылыктан башы чыкпай, күнкор заманда саны жагынан кескин азайып кеткен. «Орто Азия элдеринин өтмүш тарыхы, ал тарыхтын сабактары бар»,- дейт ал. Социализм заманында илим-билимге ээ болгон Орто Азия калктарынын айрымдары өз улутунун жаратмандык кудуретине ишенбей, башка улуттардын этегин кармап оокат кылуу ыңгайынан арыла албай келатат. «Эгемендик алган чакта Каримов: «Орусия менен бирге жашадык, анын күңгөй-тескейи болду. Эми аны унуталы» деди. А бизде андай дымак жок,- дейт Бегиш Ааматов. - Жоктуктун айынан Кыргызстанда орус тилине мамлекеттик тил укугу берилди. Калктын 90% - түркий эл өкүлдөрү, анын 70% жакыны кыргыздар. Өзүңдүн тилиң өлкөңдө иштебегенден кийин эмнең эгемен мамлекет?!»
Постсоциалисттик республикалардын ич ара ымалага келе албаган жетекчилеринин бөлүндүлүгүнөн чөлкөм коопсуздугу опуртал жагдайга капталды. «Алар өз жерин, тилин, алтынын, нефтисин беришке деле даяр,- деп кебин улайт Бегиш Ааматов.- Иши кылып бул режимдер бийликти эчкимге бербей гана отурушу керек».

Өз алдынчалыкка ээ болгон эгемен өлкөлөрдө жашаган ар улут өкүлдөрү мамлекетинде эмне болуп атканына кызыгаарын, мунун жанында элдер ортосундагы мамиле кийинки планга жылдырылып каларын Ош шаарындагы белгилүү укук коргоочу, адвокат Садыкжан Махмудов ырастайт. Анын пикири боюнча, кыргыз-өзбек калктарынын ортосундагы айрым проблемалар бар, бирок алар аз-аздан жоюлуп баратат. Элдер ортосундагы түшүнбөстүк көптөгөн жагдайлардан жанып чыгып, аны кайсы бир кызыкдар күч кыска максатына пайдаланып ийиши мүмкүн. «Мындай проблемаларды бийлик өзү уюштурушу ыктымал, деген пикир эл арасында айтылып келатат. Азыркы Аксы окуясына «Хизбут-Тахрирдин» таасири бар дегенди өкмөт өзү чыгарды»,- дейт Садыкжан Махмудов. Анын айтымында: «Бул жерде бир проблема бар. Өзбектер негизинен республиканын түштүгүндө жашайт. Түндүк тарапта өзбек тили колдонулбайт. Ошондон, менин жеке оюмда, өзбек тилине мамлекеттик тил статусун берүүнүн зарылдыгы жок». Эки калктын кылымдарды карытып келаткан туугандык ыкласы саясий кызыкчылыктардын садагасына чабылып кетиши кыйын, деп эсептешет биз менен аңгемелешкендер.
XS
SM
MD
LG