Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:11

Түндүк Корея ядролук реакторун кайра иштеткени жатат.


Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭнин маалымдаганына караганда, Түндүк Кореянын бийликтери Улуттар Уюму жабдууларга орноткон пломабаларды алып салып, 1994-жылдан бери иштебей турган атомдук реакторду оңдоого киришти.
Агенттиктин өкүлү Марк Гвоздевски кечээ билдиргенине ылайык, советтик үлгүдө жасалган реакторду оңдоп бүткөнгө бир-эки ай убакыт керек болот.
Ырасмий Пхеньян жакында «Вашингтон Түндүк Кореяны мунай менен камсыздоону токтотконго байланыштуу электр энергиясы тартыш болгондуктан, ядролук реактор иштетилет» деп билдирген.
АКШ мунай менен камсыздоону Түндүк Корея 1994-жылы кол коюлган эл аралык келишимди бузуп, ядролук каруу жарак өндүрүү программасын уланткандан улам токтотконун Ак Үй ошол замат кабарлаган.

XS
SM
MD
LG